super.kg logo

Өлкөдө төө буурчактын баасы 3 айдын ичинде 100 сомдон 40 сомго чейин арзандаганы айтылды

 

Төө буурчактын баасы 3 айдын ичинде 100 сомдон 40 сомго түшүп калды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда өлкөдө төө буурчактын баасынын арзандап кетишинин себептери тууралуу маалымат жыйында төө буурчак ассоциациясынын өкүлү Эмир Парпиев билдирди.

"Төө буурчактын 3 ай мурунку баасы 100 сом болчу, учурда 40 сомдон сатылат. Дүйнөлүк базарда да товардын мынчалык арзандаганы кездешкен эмес. Муну мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алыш керек болчу", - деди ал.

Ал эми жыйындын дагы бир катышуучусу Анаркүл Беккулиева учурда төө буурчакты чет жактарга өткөрүүгө аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтып өттү.

"Дүйнөдө төө буурчак өндүргөн ири өлкөлөр бар. Баанын арзандашына мунун да таасири тийиши мүмкүн. Ошентсе да учурда бизден өндүрүлгөн төө буурчактарды башка өлкөлөргө өткөрүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буюрса, бул маселе жакын арада чечилет деген үмүттөбүз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.05.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
калып суйлогонунорду койсонор Бишкектин базарындагы баасы 80 сомдон 100сомго чейин эн кымбат дукон нородныйда 105сом дыйкандардан 40 50сомдон алышат окшойт ал эми региондордо анданда арзанда
04.05.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Монополия да, мафия да баягы эле. Турктор атайылап арзан сурашат, сатпай кайда барат эле деп... Аетимонополия агенттиги жеген парасын билип унчукпайт, кормоксон, билмексен болуп. Ал ортодо бул ишке мафиоздор аралашса ортомчу болуп, баа ансайын томондойт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: