super.kg logo

Ошто жол кырсыгынан каза болуп жолдо жаткан адамды тебелеп кеткен унаанын айдоочусу изделүүдө

 

Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жол кырсыгынан каза болуп жолдо жаткан адамды тебелеп кеткен Honda Fit унаасынын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына тиешеси бар Nissan Primera үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2 сааттын аралыгында кармалды. Айдоочу адамды сүзүп алгандан кийин машинасын Ош шаарындагы ЖЭБ тарапка бурула берген жерге таштап, өзү качып кеткен. Ал эми каза болгон жаран катуу ылдамдыктагы соккудан улам 36 метр жерге чейин учуп түшкөн. Унаанын ээси ыкчам тергөө тобу тарабынан 2 саатка жетпей кармалган. Качып кеткен айдоочу Ош шаарынын тургуну Т.Т. аттуу жаран болгон. Кырсыкка кабылган унааны алганына бир жума болгон. Ал шаардагы соода түйүндөрдүн биринде кароолчу болуп иштейт. Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткенин ур-токмокко алынуудан корккондугу менен түшүндүргөн. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө. Унаа сүзүп, жолдо каза болуп жатып калган адамды кайрадан тебелеп кеткен Honda Fit унаасы изделүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, кечээ, 3-май күнү 22:30 чамасында Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жол кырсыгы катталып, бир адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.05.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окмот уктап отура берсе дагы далай далай адам олот.

Жол кыймылын реформалоо керек, ГАИ тармагындагы коррупцияны жою керек, мыйзамдар иштеши керек бай-кедейине бирдей, олко боюнча 300-500 жол камерасы орнотулушу керек деп келебиз жыйынтык жок...

Учурдагы айдоочулар баары кайра экзаменге кирип башынан айдоочулук куболук алуучу болсо, ар 3 айдорчунун бири гана экзаменден ото алат. Ошондо жол эрежесин билбеген, козго илбегендер сынактан кулап, жол бир топ тазалана тушмок.
04.05.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошончолук катуу журосунбу шаардын ичин мээ жок опкосун колуна алып алган экенда
04.05.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстандан бир нерсе ондуруш керек. Бар жокту сатып ала берсек кайра эле карызга батабыз
04.05.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Опконорду колтуктап айдайсынар да бироону ажалсыз олтуруп ознор да темир тор артына отосунор,кимге пайда? кимге зыян?
05.05.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак фит такси эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: