super.kg logo

Астротөлгө: 6-май күнү төрөлгөн адамдар кандай болушат?

 

6-майда төрөлгөндөрдүн мүнөзү ачык-айрым, баарлашууну жактырган экстраверт болушат. Айланасындагы адамдарга, жаратылышка аяр мамиле жасаган сыпайы адамдар. Алар дайыма командада иштөөнү жактырат. Ой жүгүртүүсү өзүнүкүнө окшогон, пикири бирдей адамдар менен достошот. Оюндагысын туура жана так формада жеткире алган, башкаларды ынандыра алган сапаттарга ээ.

Деги эле жалгыз иштегенди, жалгыз жашаганды жактырбайт. Эмоцияга бат алдыргандыктан маанайы тез-тез өзгөрүлүп турат. Ошондой эле өздөрүнө "окуш керек, өзүмдү сүйүшүм керек" деген талапты катуу коюшат.

6 санынын алдында төрөлгөндөрдүн ой-чабыты күчтүү. Башкалардын абалын кабагынан туйган, дайыма жардам берүүгө ашыккан жандар. Жаратылыш аларга коргоочу, багыт берүүчү касиеттерди ыйгарган. Андыктан ушул күнү жарыкка келгендер мыкты окутуучу, тарбиячы, кеңешчи боло алат. Жакыным деп эсептеген адамдарын эч качан сатпайт, көчөдө калтырбайт.

Кичине кезинде көргөн кыйынчылыктар аларды күчтүү адам катары тарбиялап, өстүргөн. Өз кыйынчылыктарын башкалардан жашырат. Жан дүйнөсү аябай назик, сезимтал адамдар болушат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: