super.kg logo

Тоң районунда кароого муктаж 13 баланы багууга алган үй-бүлө мындай аракеттерин улантарын айтат

 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова Ысык-Көлдүн Тоң районундагы багуусуз калган 13 баланы асыраган үй-бүлө менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ата-эненин кароосуна муктаж болгон балдарды багып алган үй-бүлөнүн колунда учурда бир кыз багылып жатат.

"Биз Айзиректи (аты өзгөртүлдү) карап, багууга жакында эле алдык. Буга чейин күйөөм экөөбүз багуусуз же убактылуу кароого муктаж болгон 12 баланы бактык. Өзүбүздүн балдарыбыз чоңоюп, баары өз алдынча үй-бүлөлүү болушкан. Өздөрүнүн балдары бар. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын же ата-энесиз балдарды көргөндө биздин аларга жардам, билим бергибиз келет. Биз баккан балдардын арасында бир тамганы да тааныбай келгендер болгон. Биз аларга жазганды, окуганды үйрөттүк. Күйөөм экөөбүз алдыда да мындай аракетибизди токтотпойбуз", - деген багууга муктаж болгон балдарды баккан Төлөсүн Майтыкова.

Министр Исакунова аталган үй-бүлө менен болгон жолугушуусунда, министрлик учурда мындай үй-бүлөлөрдүн санын көбөйтүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатканын белгилеген.

"Мамлекет тарабынан балдар үйүндө тарбияланган ар бир балага жылына 12-14 миң сомдон бөлүнөт. Бирок аларга балдар үйүндөгү эң тажрыйбалуу адистер да ата-эне мээримин бере албайт. Мындай абал баланын жүрүш-турушуна гана эмес, анын өсүүсүнө да таасирин тийгизет. Андыктан балдарды багууга алган үй-бүлөлөр балдардын толук кандуу үй-бүлөдө тарбияланышына өбөлгө түзөт", - дейт министр.

Маалыматта белгиленгендей, багууга муктаж болгон балдарды ала турган үй-бүлөнүн абалы социалдык башкармалыктардын өкүлдөрү тарабынан текшерилип, андан кийин гана балдар асыроого берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(2)
04.05.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах сизден ыраазы болсун!
04.05.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин тайкем мн тажеңем. Аллах сиздерден ыраазы болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: