super.kg logo

SUPER TV: Жүрөк сыры. "Кайын журттун каарынан тажадым. Күйөөм менен ажырашамбы?"

 

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары "SUPER TV'нын" "Жүрөк сыры" долбоорунда.

Кайын журттун келиндин жашоосуна кийлигишкени, тили тийген окуялар арбын. Айрым келиндер келген күндөн тартып, ар кандай сыноого туш болуп, турмуштун чоң соккусуна кабылат. Жогорудагы "Жүрөк сыры" - кайын журттун каарынан тажап, үй-бүлөмдү сактап кала аламбы деп чайналып турган келиндин арманы.

– Сен келгенден бери ишибиз жүрүшпөй койду! Атамды жерге бердик, насыядан башыбыз чыга элек! Көк мээ иним сага кайдан үйлөнүп калды эле?!

– Эже, үйдөгү жамандыктардын баарына менин тиешем жок болсо керек...

Кайнежемдин ачуу сөз­дөрүнөн ушинтип коргоном. Үйдө кайненем, кайнатам, күйөөдөн ажырашып келген кайнежем, кайын сиңдим менен жашачубуз. Жакында эле кайнатам каза болуп, жерге бердик. 3 жылдан бери насыя төлөп кыйналган күйөөм Нурбек атасын "бул дүйнөдөн татыктуу узатам, эл эмне дейт" деп намыстанып бирөөдөн үстөккө акча алып, карызга белчесинен батты. Үйдө Нурбек жалгыз эркек, каржы жагын толугу менен жолдошум тейлейт. Кайын сиңдимди окутуп, оорукчан кайненемди жыл сайын санаторийге дарылатып турат.

Окуянын видеосун толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, "SUPER TV'дан" көрүңүз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.05.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эхх супер супер.интернет тармагы ото томон иштеген аймактарда кантип корушот видоену?
04.05.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Карызы белчесинен батып деп кымбат телефонго эмне бар!Куноону озундон изде биринчи,Жолдошун акылдуу экен,аял кишиге болушуп бир туугандан кечсинби?Болунуп жашасак дейт,азыркы келиндердин ою только ушул,болунуп жашаса жыргап калчудай!Карындашы болгондон кийин окутат,апасы болгондон кийин дарылататда!Куйоон менен жашагандан сыйлоо керек кайын журтту,жакшы мамиле жасаса алар деле жаман болсун дебейтго.
04.05.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nuri1988Elim2010,айтканына кошулам бирок баарын куйоосу жасоого милдеттуу бирок келин кул эмесда алда бироонун чырактай кызы алда жаман создон тажайт азыр келин кеди десе эле кайны синдилер чымчыктай катар тизилип конок болуп отуруп койушат андайда болбойт ошондон тажаганда болунолу деп чыгат
04.05.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул үйдөгү уруш талашты элге чыгарбай эле койбойсуңарбы,же бирөө жарым жардам бердиби?Жаш келиндердин чырагына май тамызбай.
05.05.2018. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу админ мындай окуяларды чыгарсанар толугу менен жазып чыгаргыла болбосо жон эле койгулачы бизде интернет отоле слабый ачпайт видеону ошон учун эринбей эле жазып чыгарсанар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: