super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: "2010-жылы кабыл алынган Конституция жакшы иштеди"

 

Учурда коомчулукта Баш мыйзамды өзгөртүү керек деген сунуштар айтыла баштады. Буга байланыштуу "Конституцияны кайра өзгөртүү керекпи?" деген собол жаралды. Бул суроого жооп берген Жогорку Кеңешти депутаты Каныбек Иманалиев төмөнкүлөргө токтолду.

"2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизилип жатканда, мен "бул Конституциянын мотору жол тандабастыкы, кузову Москвичтики, дөңгөлөгү Ниваныкы болуп калды, бири-бирине айкашпай калды" деп айткам. Өзгөртүп жатканда демилгечилер "парламентаризм өнүгөт, укук коргоо органдарында реформа болот" деген жана башка убадаларды айтышкан. Бирок убадалардын бири дагы аткарылган жок. Ошол өзгөртүүгө каршы болгондугу үчүн Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Саляновага иш козголду, эч ким пайда тапкан жок.

Эми Конституцияны өзгөртүү үчүн мамлекет менен коомчулук биргелешип комиссия түзүп, 2 жыл иштеп, 2020-жылы өзгөртүү киргизиши керек. Өзгөртүүдө 3 эле маселе көтөрүлүш керек: парламенттик башкаруу, президенттик башкаруу же парламенттик-президенттик башкаруу. Менимче, парламенттик жолду тандайт окшойбуз. Эл кайсыга добуш берсе, ошого ылайыктуу Конституция жазылат.

Баш мыйзамды түп тамырынан өзгөртүш керек, себеби президенттик эмес же парламенттик эмес башкаруу болуп калган. 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 2016-жылкыга караганда бир топ артыкчылыктары бар болчу, 2010-жылдан 2016-жылга чейин ал мыйзам жакшы иштеди. Эми өзгөртө турган болсок, 2010-жылдагы жана 2016-жылдагы конституцияга барбай, башка жаңы Конституция керек", - деди Иманалиев.

Бул суроо боюнча депутат Мирлан Жээнчороев, юристтер Кайрат Осмоналиев менен Атыр Абдрахматова жана коомдук ишмер, активист Эдил Байсаловдун пикирлери бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: