super.kg logo
  Саясат  

Кайрат Осмоналиев: "Бизге парламенттик-президенттик башкаруу туура келет"

 

Учурда коомчулукта Баш мыйзамды өзгөртүү керек деген сунуштар айтыла баштады. Буга байланыштуу "Конституцияны кайра өзгөртүү керекпи?" деген собол жаралды. Бул суроого Юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев төмөнкүчө жооп берди.

"Баш мыйзамды тез-тез эле өзгөртө берүүгө болбойт, азыр өзгөртүүнүн кажети жок. Биздин Конституция өтө майдаланып кеткен, ошондуктан өзгөртүү тууралуу кептер айтылып жатат болуш керек. Айрым саясатчылар "парламенттик мамлекетти түзөлү, буга Конституция жол ачып бериши керек" деген ойлорун айтып жатышат, мен бул сунуштарды колдобойм. Бизге парламенттик башкаруу болбойт, саясий кырдаалга дал келбейт, президенттик башкаруу да болбойт, болбой турганын болуп өткөн революциялар көрсөттү. Бизге күчтүү парламент жана күчтүү президент, күчтүү премьер-министр керек. Бизге парламенттик-президенттик башкаруу туура келет.

Идеалдуу Конституция болбойт, издесе кемчиликтер чыга берет. Учурда Конституцияны иштетиш керек, такыр эле иштөөгө тоскоолдук жаратып жатса, анда өзгөртүш керек. 2020-жылга чейин референдум аркылуу гана өзгөртсө болот, ал эми 2020-жылдан кийин Жогорку Кеңеш өзгөртүү укугуна ээ болот", - деди Осмоналиев.

Ушул суроо боюнча депутаттар Каныбек Иманалиев, Мирлан Жээнчороев жана юрист Атыр Абдрахматова менен коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикирлери бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: