super.kg logo
  Спорт  

Александр Крестинин: "Биздин максатыбыз өзгөрбөйт. Азия Кубогунда тайпалык баскычтан чыкканга аракет жасайбыз"

 

2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү футбол боюнча Азия Кубогунда Кыргыз курама командасынын башкы максаты тайпалык баскычтан өтүү. Бул тууралуу Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.

"Тайпадагы атаандаштарыбыз - күчтүү командалар. Кытай курама командасынын машыктыруучусу Марчелло Липпи абдан тажрыйбалуу. Андан тышкары футбол боюнча Кытайдын биринчилигинин деңгээли өсүүдө, ошондуктан Кытай курамасы күчтүү атаандаш. Ал эми Түштүк Корея тууралуу айтуунун кажети жок, бул курама Азия өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы командалардын бири болуп эсептелет. Филиппин курамасы тууралуу айтсак, биз алар менен буга чейин 2 жолу беттеш өткөргөнбүз. 2 жолу жеңилгенибиз менен, атаандашыбыздан кем калбай туруктуу оюн көрсөткөнбүз. Азия Кубогунда жеңил болбойт. Бирок биздин максатыбыз өзгөрбөйт, тайпалык баскычтан чыгууга аракет жасайбыз", - дейт Александр Крестинин.

Эске салсак, кечээ, 4-майда Бириккен Араб Эмираттарында 2019-жылы өтүүчү Азия Кубогунун чүчү кулак аземи орун алды. Анда Кыргыз курама командасы "С" тайпасына туш келип, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курамалары менен беттешмей болду. Кыргыз курама командасы алгачкы беттешин 7-январда Кытай курама командасы менен өткөрмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
05.05.2018. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ийгилик кааллайбыз..алга акшумкар..Ардайым женишти гана кутобуз!!!женилелсенер деле чон жетишкендик биз учун
05.05.2018. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Исландия Уельстей сенсация жаратарыңарга ишенем
05.05.2018. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ийгилик жакшылап даярдангыла ушул курамага окмоттон да колдоо болсо сонун болмок машыгуусуна акчалай жардам берсе
05.05.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тайпадан чыккыла эми , Кыргыз элим ошону кутот ,
05.05.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сон(тоттенхем)Туштук Корея менен беттеши кызыктуу болот гоо
06.05.2018. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татаал тайпага туш болупбуз, мейли Филиппин эмес 3су Япония болсо да үмүт кылмакмын. Аллахым өзү колдосун! Алга Кыргызстан!

07.05.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сон Хын Мин менен футболка алмашсын Землянухин
a.sheralievic.91 түзөттү 2018-05-07 12:54:11
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: