super.kg logo

Бишкекте "күйөөм Toyota Camry алып берет" деп тургундардан алдап акча алып жүргөнгө шектелген аял кармалды

 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы алдамчылыкка шектелген аялды кармады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга шаар жашоочусу арыз менен кайрылган. Арызда ал Г. аттуу аял андан 2017-жылы алдап 2 миң 700 доллар алганын, ошондон бери кайтарбай жатканын билдирген.

Шектүү жабырлануучудан акчаны "күйөөм чет өлкөдөн Toyota Camry алып келип берет" деп алган. Аталган факты боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш ишин козголгон.

"Кылмышка шектелип 36 жаштагы аял кармалып, ал буга чейин да адамдарды ушундай жол менен алдап жүргөнү аныкталды. Алдангандар - Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары. Ушул эле аялдын үстүнөн ушул кезге чейин "алдап кетти" деген арыз менен 5 адам кайрылды", - деп жазылат ШИИББинин маалыматында.

Ошондой эле милиция сүрөттөгү аялга алдангандар болсо, 0550 102-643, 0700 12-66-12 номерлерине байланышууну эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
05.05.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
жүзүн жап койсонор ким таныйт
05.05.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушунтипталган акчалар кантип аш болот экен а?
05.05.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Лучше суротун койбой эле,ушу адамды таанысанар кабар бергиле деп койбопсунар,бетин жапкандан коро!
05.05.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чоңдордон жепжутат жемкорлордон жукканго! Сыныктан башкасы жугат деп бекер айтпаган!
05.05.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azatbek.Svoboda.,кайсы темага кирбейин чондор....чондор ...
05.05.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маска кийгизип эле ушул аялды тааныгандар болсо кабар бергиле дебепсинер
05.05.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушудайларга кантип ишненип акча берет тушунбойсун да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: