super.kg logo

Жээнбеков: "Өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо карапайым жарандан тартып өлкө башчысына дейре бирдей болууга тийиш"

 

Бүгүн, 5-майда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекетинин жарандарын Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

"Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктайм.

Мындан чейрек кылым мурда 1993-жылдын 5-майында эгемендүү Кыргыз мамлекетинин Баш мыйзамы кабыл алынганы мамлекетибиздин соңку тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калды.

Көз карандысыз Кыргыз мамлекетинин Баш мыйзамы – өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактоонун башкы кепилдиги. Кыргыз өлкөсү – укуктук мамлекет. Биздин өлкөдө мыйзамдан улук, бийик жана ыйык эч нерсе жок. Өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо карапайым жарандан тартып өлкө башчысына дейре бирдей болууга тийиш. Адам укугу, эркиндиги, кадыр-баркы жана адам баалуулуктары бекем сакталган мамлекеттин келечеги кең болот. Жарандардын конституциялык укуктарын коргоо мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири болууга тийиш.

Конституция күнү – жарандарыбыздын эркиндигинин, жаратман жана бейпил эмгектин, мамлекетибизди бекемдөөнүн, адилеттүү жана калыс коом куруунун майрамы. Бул күн бизди мыйзамды урматтоого, адам укуктарын баарынан бийик кастарлоого, келечек муун алдында зор жоопкерчиликти сезүүгө үндөп турат.

Майрамыңыздар менен! Кыргыз мамлекетибиздин келечеги кең болсун!" - деп айтылат куттуктоо сөзүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
05.05.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ханыбызга умутубуз чон чыныгы Кыргыз баласы
05.05.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Президентибиз молодец сизге дайым куч кубат берсин Жараткан Алла, иштегенине кичине болсода результат бар дайым ушунуздан жазбагыз
05.05.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушу создорун чын болсо Ашадан баштап ТЕЦте ким жеген болсо кама
05.05.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nazarKGZ,АШАны камаш учун 2017ж референдумдагы конституцияны жокко чыгарыш керек.АШАны кол тийбестиги жонундогу статусуну жокко чыгаруу керек.Орусстар айтмакчы это дело времени.Кудай Буйурса АША мыйзам алдында жоопко тартылат.
KGstan1981 түзөттү 2018-05-05 12:48:27
05.05.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Талкууну жаппай коюпсунар го,же бул темада баары мактайт деп ачып койдунарбы?
05.05.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Dembele84,АШАнын тоталитардык заманы отту.Азыр талкуулар эми ачык болот деп ишенебиз.
05.05.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кагылайын
05.05.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конституциябыз жоголуп кетти элего оригиналы табылдыбы озу?Же мен адаштымбы?
05.05.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bars_wire,бул да АШАнын элди алаксатуу учун тузулгон бир сценариеси болгон.Типо Белизгейт,юпигейт дегендей.
05.05.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анык кыргыз элинин президенти болушунузга умутубуз чон.эн негизгиси Алла тааланын алдында баарыбыз бирдейбиз.буга себеп кечээки Чолпон-Атадагы президенттин эл менен кошо жума намаз окуганы коп умутторду жандантты.ишинизге ийгилик.Алла дубаларыбызды кабыл кылсын.Кыргызстанды онуккон олко болушуну каалаймын.
05.05.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айткандай Супер Инфо жааматы.Президентин Жума намазга барган жон-догу кабарды жазып койбойсуздарбы.АШАга окшоп жолду бутундой тоспой жан сакчылары жок эле мечитке барыптыр.Ма шаа Аллах!
05.05.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сооронбай Жээнбеков кыргызстандын тарыхындагы биринчи 5маал намаз окуган президент. Президентибизди Аллаh колдосун! Аллаh кааласа кыргызстан онугот.
05.05.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Коз тийбесин падышабызга. Аллах сизди колдосун онуго берсин олкобуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: