Бишкекте үйлөрдүн бирин мейманкана деп коюп сойкукана катары иштетип жүргөн аял кармалды
Бишкекте үйлөрдүн бирин мейманкана деп коюп сойкукана катары иштетип жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 5-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлады. Анын айтымында, укук коргоо органдары барган учурда ошол эле жайда үч кыз бир топ убакыттан бери интимдик кызмат көрсөтүп келгени аныкталган. Алардын эң кичүүсү 20 жашта.
"Бишкек ШИИББине жергиликтүү тургундар кайрылып, Ж. аттуу жаран үйлөрдүн бирин көп убакыттан бери мейманкана деп коюп, интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана катары иштетип жатканын айтышкан. Билдирүүнүн негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен кылмыш иши козголуп, айтылган даректеги мейманкана 4-май күнү укук коргоо органдары тарабынан тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда сойкукананы уюштурган деген негизде 32 жаштагы К.Ж. аттуу аял кармалды жана жанынан акчалар табылган. Андан сырткары, ал жерде интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 1993-жылы туулган Б.к.У., 1989-жылы туулган И.Н. жана 1984-жылы туулган Ш.А. аттуу үч кыз кармалган. Ал эми сойкукананы уюштурган деген негизде кармалган К.Ж. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери уланууда", - деди Оморов.

Сооронбай мыкты дейсин, карачы койгон кадрларын (Окмот ж.б.) Бакиев, Атамбаев убагынан бери иши менен эмес, чон кекиртеги менен таанылгандар, колунан иш келбегени менен таанылгандар...
Интернетте журот шайлоо куну чала спортик, жарым криминал балдары атасындай кишини ары бери жулкулдатып суйрогону. Милициялар болсо оозун ачып турат. Мына ошолор Сокенин жузу...
Ошол Телибай тентектерди Сокеси менен кошо чокуга чокуга чапса камчы менен.....
Сойкулар дейсин, аларды кармаган менен кайра кое берип жаткан сон пайдасы жок. Сойкуларды жазага тартпаса же кимдер экенин коомчулукка жарыялабаса, бул иштерден пайда жок. Сойкуканалар ачык эле иштеп жатат го жуздоп миндеп
Кулиев көчөсүнө машинамы коюп кетип, бир аздан кийин келсем жанында бир эже отургн экен. Чачтары майланышып, кийимдеринде ар жеринде бир нерселер төгүлгөн окшойт. Мага "жаңы свежий кыздар келген, кирбейсиңби" дейт. ХХХХХ,өзүн көрсөң кускуңу келтирет.
Ошолорду кармасын милиция.