ЖЫЛНААМА, 5-МАЙ: Башына тийген октон аман калган Кыргыз Эл баатыры Алиясбек Алымкулов 47 жашка чыкты
Кыргыз Эл баатыры, мурдагы эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов 47 жашка чыкты. Ал 1971-жылы 5-майда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында жарык дүйнөгө келген. 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин, 2009-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатия академиясын бүтүргөн. 1989-1991-жылдары советтик армияда аскердик кызматын өтөгөн.
1992-1997-жылдары Орусияда жеке ишкердик менен алектенген. Ал эми 2004-2007-жылдары "Буудай" мамлекеттик ишканасында бөлүм башчынын орун басары, 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын “Трубалык металлургия компаниясы” жабык акционердик коомунда расмий өкүл, 2008-2010-жылдары "Эл Газ КДЖ" жоопкерчилиги чектелген коомунда директорлор кеңешинин жетекчиси болгон.

2010-жылдын 19-мартынан 14-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министринин милдетин аткаруучу, 2010-жылдын 14-июлунан 2011-жылдын 30-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министри, 2011-жылдын 30-декабрынан 2012-жылдын 20-февралына чейин Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри, 2012-жылдын 20-февралынан 2014-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри болгон. Ал эми 2016-жылы 22-июнда Кыргыз Республикасынын Алматыдагы башкы консулу болуп дайындалган.
Алиясбек Алымкулов 2010-жылы 7-апрель окуясында Ак Үй алдында башына эки ирет ок тийип, бактыга жараша аман калган. 2011-жылы ага "Кыргыз Эл баатыры" наамы берилген.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
2

Мисалы мобу Алиясбек деген неме жаштар министри болуп турганда казынадагы элдин акчасын он-солго чачып кундо оюн-зооктон башы чыкпай журду... Миграция кызматын жетектеп турганда да бир пайдалуу иш кылган жок элге. Бийлик мындан максатсыз жумшалган аачалардын эсебин сурап турмого камоонун ордуна кайра кызмат сунуштап отурат. Мына силерге Аиамбаев менен Жээнбековдун кадры