super.kg logo

Бишкекте тургундун үйүнөн куралдарын, алтын буюмдарын уурдаган деп айыпталып уюшкан кылмыштуу топтун 2 мүчөсү кармалды

 

Бишкекте тургундун үйүнөн куралдарын, алтын буюмдарын жана акчаларын уурдаган деп уюшкан кылмыштуу топтун 2 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын тургуну, белгисиз адамдар алтын буюмдарын, 120 миң сом акчасын жана сейфте сакталып турган тапанчасы менен мергенчилик мылтыгын уурдап кеткенин айтып кайрылган. Бул факты боюнча 164-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон жана кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турган 24 жаштагы Ч.Н. жана Щ.А. аттуу адамдар кармалган. Аларды кезектеги уурулукка кирген жеринен кармашкан жана биринин жанынан курал да табылган. Ошондой эле шектүүлөрдүн үйүн тинтүүгө алганда мылтык, ок-дарылар табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: