Орусиялык белгилүү муз үстүндөгү бийчи Евгения Медведева аны 11 жыл даярдаган машыктыруучусу менен иштешүүсүн токтотот

Орусиялык белгилүү муз үстүндөгү бийчи Евгения Медведева аны 11 жыл даярдаган машыктыруучусу Этери Тутберидзе менен иштешүүсүн токтотот. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, мындай маалыматты Медведева машыгып жүргөн спорт борборунун жетекчилиги айтып чыгышкан.
Ошондой эле аталган маалыматта Медведеванын мындай кадамга баруусуна Этери Тутберидзенин дагы бир белигилүү окуучусу Алина Загитова менен болгон атаандашуусу себеп болгону айтылат. Анткени Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өткөн кышкы олимпиада оюндарында Евгения Медведева экинчи орунга ээ болсо, Алина Загитова биринчи орунду багындырган болчу.
Андан сырткары басылмалар Медведеванын жаңы машыктыруучусу канадалык Брайан Орсер болорун да жазышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Dembele84

06.05.2018. 15:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир жанылыктан окудум эле Медведева мындан кийин Армениянын атынан чыгат деп.Россияда фигурное катаниеде атаандашуу кучтуу,башка олконун атынан чыгышы да мумкун
jemile

06.05.2018. 15:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз өзү Загитовага аябай атаандашат экен, 2-ни алганда маанайы катуу түштүго..ананчы өзүнөн 3.4 жаш сиңдиси басып өтүп атса
Meni_unut

06.05.2018. 15:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок сулуулугуна кеп жок да ушул кыздын.
baku24

06.05.2018. 16:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жарандыгын да озгортот имиш
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.