"Жол кырсыгынан кызым каза болду, артында 3 баласы калды. Күнөөлүү адам жоопко тартылбай жүрөт" дейт маркумдун апасы

"Жол кырсыгынан кызым каза болду, артында 3 баласы калды. Күнөөлүүлөр жоопко тартылбай жүрүшөт", - дейт Зимират Узакбаева. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-майда маалымат жыйынында айтты.
"Кызым 2015-жылы 10-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгынан каза болгон. Анын артында кичинекей 3 кызы калды, аларды менден башка караган киши жок. Ошол жол кырсыгында унаада мен да бар элем, биздин унааны сүзгөндө 15 метрге чейин сүрүлүп кеткенбиз. Кызым каза болгондон кийин бизди сүзүп кеткен баланын жакындары акча көтөрүп келди. Мен акчасын албай баары мыйзам түрүндө болушун каалагам. Бирок күнөөлүүлөр дале тийиштүү жазасын ала элек", - дейт Узакбаева.
Ал азыр өлкөдө мыйзам иштеринен күмөн санап калганын, ага байланыштуу президентке кайрылуу жасап анын кызынын өлүмү боюнча иштин адилет каралуусун көзөмөлдөп берүүсүн өтүнүп жатканын айтат.


Болбосо булардын ишин карап создуктурган тергоочу, прокурор, сотторду иштен алып, буларга бул тармакта иштоого тыю салынса жакшы болмок. Тиги айыпталуучулар болсо кылмыш жообуна тартылышы керек. 1 айда бутуучу сот процесстери Чубактын кунундай узарып кетчу болду 5-10 жылга, бизнеске айланып...
Акыреттеда пул которуп барат бекен акмак!!!
Уч баланын убалынан коркпойт биздин паракорлор!!!
Кызыныздын бейишин берсин