super.kg logo

Асылбек Жээнбеков: "Өлкөдө жер семирткичтерди өндүргөн заводдордун жок болгону жакшы"

 

КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков өлкөдө жер семирткичтерди өндүргөн заводдордун жок болгону жакшы деген оюн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, түшүмдү минералдык жер семирткичи жок эле алса болот.

“Жер семирткичтерди колдонбой эле жакшы түшүм алса болот. Бирок азыр эмес, келечекте. Азыр минералдык жер семирткичти колдонбой коё албайбыз. Бул факт”, - деди депутат.

"Bio.kg" органикалык кыймыл федерациясынын директору Искендер Айдаралиев жерлерди алмаштырып туруу зарылдыгын белгиледи. "Мисалы, Талас облусунда 80 пайыз төө буурчак эгилет. Жерге жыл сайын бир эле үрөн себүүдөн түшүм "оорулуу" болуп калышы мүмкүн. Жердин асылдуулугун жогорулатуу үчүн жерди алмаштырып туруу керек. Биз андай нерсени унутуп калдык", - деди Айдаралиев.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде органикалык айыл чарбасынын абалы, мүмкүндүктөр, тоскоолдуктар жана келечектеги багыттары жөнүндө маселе каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
07.05.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шумдугун кургур, дыйкан кантип семиртсин, жадагалса суунуда күнүмдөп эсептеп (биздин айыл 6 күндө бир келет, болгону 3кунгө, анан дагы 2 айыл, 3 күндөн суу ичишет) берип жатсаңар. Калганын шаркырата Өзбекстанга сатып акчасын чардап жеп жатсаңар.
Бизден 2 көчө өйдөдө Өзбекстан каналы деп аталган каналда, толо суу агып турат, биз тарапка бурганга мүмкүн эмес аны. Негизи өзүбүздүн эле Исфайрам дарыясынан келет. Сатышатта, жеп жутушат...
07.05.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Miss.erkewka95, биринчиден ал сууну чондор сатып акча жешет. Экинчиден уй ат малдын кыгы ото жакшы жер семирткич ошону себип жерди жылда пайдаланса болот. Бул менин бала кезимден бери кылып келген ишим. Жана мага башка эч кандай жер семирткич керек деле эмес.
07.05.2018. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolunbo.kyrgyz,20 30 сотыхка сепсен болот кыкты 3-4 гекьарлаган жерге кантип жеткизесин
07.05.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азыр асылбек эмне десе дагы туура болот да
07.05.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Борряяяя боряяяяя го бул жагы
07.05.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы жер семирткичтер химикат бул жагын туура эле айтса керек.
Baha.bs95 түзөттү 2018-05-07 13:41:37
07.05.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Американын базасы да, Россиянын базасы да чыгарылбай эле койсун, бул менин жеке оюм, бизге төлөп турса болду да"- деген эле бир жолугушууда! Андан бери дагы бир революция болуп өттү...
07.05.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул киши дыйкан болуп иштеп корду бекен мисалы бизде жер кыртышы аябай арык жер семирткичсиз тушум ала албайсын,
07.05.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин айылдын четине жер семирткич ондуруучу завод курула баштады эле,азыр токтоп турат,значит Асылбек Жээнбеков каршы болуп атканго
07.05.2018. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтат!Ансыз деле сатып жеген бут нерсе химикат болуп атат.эч кур десе озубуз эккен нерсе натуральный болсо жакшы болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: