super.kg logo

118 баланы асыраган кытайлык аялга кылмыш иши козголду

 

Кытайдын Хэбэй провинциясында 118 баланы багып алган аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, өзүн миллионер катары санаган Ли Лицзюань аттуу аял 1996-жылдан бери кароосуз калган балдарды асырап, 2007-жылы "Сүйүү айылы" аталышындагы жеке балдар үйүн ачкан. Анын аты жалпыга маалымдоо каражаттарына тынымсыз жарыяланып тургандыктан, өлкөдө аны тааныгандардын саны бир топко жеткен.

Кийинчерээк аялдын кайрымдуулук кылууну шылтоолоп белгилүү аткаминерлерден көп суммадагы акчаларды алып жүргөнү аныкталган. Тагыраагы, ал бир компаниядан 70 миң юань жана мейманкана менен госпиталдан 300 миң юань өлчөмүндөгү каражат талап кылганда, алар бул тууралуу коомчулукка айтып чыгышкан.

Аялдын мындай жоругунан соң полиция ал ачкан балдар үйүн тинтүүгө алып, аял балдарды бийлик өкүлдөрүнөн жана мамлекеттен акча өндүрүү үчүн колдонуп жүргөнүн, ал жактагы 118 баланын айрымдарынын ата-энеси бар экендигин аныкташкан. Ошондой эле алардын ичинен 74 наристени мамлекеттик балдар үйүнүн карамагына өткөрүп, Лицзюандын балдар үйүн жабуу буйругун чыгарган.

Учурда кытайлык аял бир канча беренелер боюнча айыпталып, 20 миллион юандан ашык акчасы тоңдурулган. Андан сырткары бир канча турак жайлар менен кымбат баалуу автоунаалар анын атына катталганы аныкталган. Учурда кытайлык полиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
07.05.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шумдуктуу адамдар көп да кудайдан коркпогон жетимдин кесиринен коркпогон.
07.05.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодцы кытайды мыйзамды катуу кармашат. Бизде болсо полный бардак. Ар ким оз каалаганын жасамай.
07.05.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Темасын окуп ачууландым эле,бала багып жатса эмнене камайт деп.Корсо иш мындай турбайбы....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: