super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 8-МАЙ: Лионель Месси, Неймар сыяктуу белгилүү спортчулар менен бирге роликтерге тартылган актёр Чыңгыз Асанбек уулу 25 жашка чыкты

 

Каскадёр, акробат, актёр Чыңгыз Асанбек уулу 1993-жылы 8-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында туулган. 4 жашында атасынын кесибине байланыштуу үй-бүлөсү менен Испанияга көчкөн. Чыңгыз Асанбек уулу - программист, 6 айлык каскадёрлук мектепти аяктаган.

Ал бала кезинен футбол аянтчасынан чыкпай, футболду жакшы өздөштүргөндөн кийин жашаган жеринин командасына кошулган. Бирок экстремалдуу спорт түрүнө кызыгуусу артып, кунг-фу, каратэ, ушу сыяктуу спорт түрлөрү менен машыгып баштаган. Кийин пляжда бийиктиктен секирүү мода болуп, акробат болууга ашыккан.

Барселонада машыгууда жүргөн маалда залга акробат издеп келген кино тарткан топ анын өнөрүн жактырып, тасмага тартылып калган. Фильмде акробат зомбинин образын жараткан. Ролу эпизоддук болсо дагы үчүнчү пландагы актёр деп “Гауди” сыйлыгына ээ болгон.

Мындан сырткары “Катар аба жолдору” авиакомпаниясынын, “Sony Xperia” жана башка бир катар компаниялардын жарнамаларында Неймар, Лионель Месси сыяктуу белгилүү спортчулар менен тартылган.

8-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.05.2018. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай Азамат жигит
08.05.2018. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Муну мен кытай деп журупмун)))
08.05.2018. 06:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роликтерин жарыялап койсонор супер,алдын ала рахмат)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: