super.kg logo

Астротөлгө: 8-май күнү төрөлгөн адамдар кандай болушат?

 

Бул күнү жарыкка келгендер зээндүү, көрөгөч болушат. Жаратылыш аларга лидер болуу дареметин ыйгарган. Саясатта же жеке бизнесте өзүнүн мыкты экендигин көрсөтө алат. Адамдар менен оңой эле тил табышат. Эң ишенимдүү дос жана жоопкерчиликтүү ата-эне болушат.

8-майда төрөлгөн букачарлар уюштуруучулук жагынан алдына эч кимди салдырбайт. Ошондой эле анализ жүргүзүп, алдын ала божомол кылуучу сапатка ээ.

8 санынын алдында төрөлгөндөр кызыл тил келип, сөз байлыгы кенен болот. Алар кайсы жерде, эмне ойлобосун ачык айтуудан тартынбайт. Баса, бул күнү жарыкка келгендер салт-санааны, улуттук маданиятты жогору баалайт. Дүйнөдө кандай глобалдуу маселе болуп жатканына саресеп салып турат. Бирок баарына аралаша бербейт. Алар бир багыттуу ишти баштап, анын майын чыгармайынча жаны тынбайт.

Саякаттоо үчүн бир мамлекетти тандабайт. Алар үчүн дүйнөнүн бардык жери кооз, кызыктуу. Андыктан бир жерде отурукташып калгысы келбейт. Бат-баттан жер которуудан тажабайт. Мүмкүнчүлүк болсо шаардын четинде жашаганды жактырат. Анткени бак тигип, дыйканчылык менен алектенгенден ырахат алат.

Дайыма иш үстүндө жүргөндүктөн энергия көп коротот. Андыктан өз убагында тамактанууну адатка айлантышы керектигин жылдыздар эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: