super.kg logo

Окуучулар эсин жоготуп жыгылып жаткан Кочкордогу мектеп жабылды

 

Окуучулар эсин жоготуп жыгылып жаткан Кочкор районундагы Туз айылдык орто мектеби жабылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 7-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн райондук администрация тарабынан башка имарат берилди.

"Райондук администрация тарабынан башка имарат бөлүнүп берилип, имарат билим алууга ылайыкташылган. Учурда окуучулар билим алуусун Туз айылдык орто мектебинде эмес, жаңы бөлүнүп берилген имаратта улантышууда", - деп билдиришти министрликтен.

Белгилей кетсек, буга чейин Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Өзүбеков SUPER.KG порталына Туз айылдык мектебинде окуучулардын баш оорусу көбөйүп, айрымдары эсин жоготуп жыгылып жаткандыгын билдирген. Мындан кийин Туз айылдык орто мектеби эки жолу текшерилип, бирок эки башка жыйынтык чыккандыктан Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, мектептин курулуш каражаттарын кайрадан текшерүүдөн өткөрүүнү суранган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.05.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урулуш эмес курулуш каражаты. Жаны кандай имарат экенин тактап бериниздерчи. Мен бул айылда жашап кеткем, башка кайсы имарат бар тушунбой жатам.
07.05.2018. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Себеби эмнеден экени белгисизго текшерип айтсын кутом
07.05.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Себеби жонокой, акчаны чонтокко уруп, кытайдын уудан жасалган материалдарын алып кургандан. Ар бир курулуш материалдарынан кесинди алып химиялык текшеруудон уунун олчомун текшерсе эле чыгат.
07.05.2018. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арзан алып ашканын сол чонтоко эптеп тыгыш керек экен да а,ал эмне болгон материал,кандай материал,зыянчылыгы жокпу уруп да ойнобой .
07.05.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи жума сайын жалпы эл чогулуп бата бермей кылыш керек го. Ушу жегендер мамлекеттен бир сом жесе мамлекетке чыккынчылык кылса бала чакасы менен кошулуп буту колу шал болуп калсын деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: