WhatsApp`та колдонуучунун телефонунун иштөөсүн аз убакытка токтоткон спам-билдирүү тарады
WhatsApp тиркемесинде колдонуучулардын уюлдук аппаратынын иштөөсүн аз убакытка токтоткон спам-билдирүү тарады. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жана чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, колдонуучулар бири-бирине кара чекит белгиленген билдирүүлөрдү жиберишкен. Анда көрсөтүлгөн чекитти басканда телефон аз убакытка иштөөсүн токтотот. Качан гана телефонду өчүрүп, кайра күйгүзгөн соң баштагы калыбындай иштей баштайт. Мындай спам-билдирүү бир гана Android телефондорунда ишке ашат.
Белгилей кетсек, спам-билдирүү чет жактарда мындан 2-3 күн мурун тараса, Кыргыз өлкөсүндө бүгүн тарай баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
1

Интересно