super.kg logo

Кош жарандыгын жашырган аткаминерлерди 5 жылга түрмөгө отургузуу демилгеленүүдө

 

Кош жарандыгын жашырган мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоору даярдалды. Анын демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев (КСДП) жана Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан").

Ага ылайык, эгер президенттикке талапкер же Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жалган же жасалма документтерин көрсөтсө, кош жарандыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтарды жашырса, ага 260-300 миң сом айып пул салынат же ал 2 жыл 6 айдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ушундай эле жаза сот кызматына, саясий мамлекеттик кызматтарга талапкерлерге сунушталууда.

Демилгечилер бул мыйзам алдын ала эскертүүчү мүнөзүнө ээ экенин, кош жарандыгын аныктоо кыйынга турарын баса белгилешти. Мындан тышкары алар кызмат ээлеген айрым адамдардын кош жарандыгын жашырганы үчүн жоопкерчиликтин жоктугу эмнеге алып келиши мүмкүн экенин аташты.

  • Жашыруун маалыматтын чыгып кетүүсү;
  • Башка жарандыгы бар адамдардын президент катары шайлануусу;
  • Дайындалып же шайланган адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары башка мамлекеттердин кызыкчылыгынан жогору болбой калуусу мүмкүн.

"Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, судьяларга, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлерине, башка жарандык болуусуна тыюу салынат, башкача айтканда, бул 50 миңден ашуун адам экени эске алынышы керек", - дешет мыйзамдын авторлору.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: