super.kg logo

Президенттик аппараттын адисинин кош жарандыгы боюнча маалымат "фейк" болуп чыкты. Депутаттын кечирим суроосун талап кылышууда

 

Дастан БекешевБүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ага президенттик аппараттын өнүгүүнүн каржы-экономикалык анализи жана мониторинги боюнча бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметованын кош жарандыгы тууралуу кат келгенин Твиттерден жарыялаган. Кийин ал бул маалымат жалган болуп чыкканын айтып, катты Татту Мамбеталиеванын атынан белгисиз адам жөнөткөнүн билдирген.

"Белгисиз бирөө Татту Мамбеталиеванын атынан электрондук дарегиме Нурсулуу Мээрбековнанын кош жарандыгы боюнча фейк-маалыматты жөнөткөн. Паспорттун сүрөтүн да тиркептир. Бирок бул фейк экен", - деп жазды Бекешев.

Нурсулуу Ахметова"Интернет-саясаттын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева Дастан Бекешев андан жана Нурсулуу Ахметовадан расмий түрдө кечирим сурашы керектигин айтты.

"Мен сиз менен буга чейин электрондук почта аркылуу байланышып жүргөм, сизге кат менин электрондук дарегимден келбегенин жакшы билгенсиз. Менин оюмча, Ахметовага каршы атайын саясий чабуул болуп жатат, анткени сизге келген катты жакшылап текшеришиңиз керек болчу, себеби сөз президенттик аппараттын кызматкери жөнүндө болууда. Менин байланыш номеримди билесиз, текшерип койсоңуз болмок", - деди Мамбеталиева.

Татту МамбеталиеваДепутат кечирим сурабай турганын айтты. "Эмне үчүн кечирим сурашым керек? Мага кат келгени боюнча жазганым үчүнбү? Маалымат жалган болуп чыкканын текшерүүдөн кийин айткам", - деп жазды Бекешев.

Айта кетсек, депутат Дастан Бекешев - кош жарандыгын жашырган аткаминерлердин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоорунун авторлорунун бири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.05.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечээ эле соц тармактарда жазылган жалган маалымат учун жоопко тартууну ушул Бекешов дооруп сунуштап атпады беле...? Ан казсан кен каз да...
madanbekeshbaev түзөттү 2018-05-08 13:17:54
08.05.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
madanbekeshbaev,эн туура жалган маалымат жазгандарды жоопко тартып айып пул салыш керек деп сайрап атты элего
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: