super.kg logo

Бүгүн саат 15:00дө ырчы Назми Байзакова жана "Музаман" тобу SUPER.KG`нин Түз эфиринде конокто болот

 

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коноктору - белгилүү эстрада жылдызы Назми Байзакова жана 3 жигиттен турган "Музаман" тобу. Түз эфир 9-май күнү саат 15:00дө башталат. Анда ырчылар Улуу Жеңиш күнүнө карата шаңдуу чыгармаларын жандуу үн менен аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашат.

Ырчы Назми Байзакова бир кезде Сапар Сопубеков менен биргеликте "Алдаба", "Эсимде" деген сыяктуу чыгармаларды дуэт ырдап чыкса, кийин чыгармачылыгын өзү улантып, "Бактым тоодой ушундай", "Манас ыры" жана башка бир топ элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларды аткарып келет.

Ал эми жигиттерден түзүлгөн "Музаман" тобу Аксай Мукамбет уулу, Алымкул Мамырбаев, Тариэл Токмергенов аттуу мырзалардан турат. Топтун мүчөлөрү өткөн жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышкан. Топ алгачкы тушоо кесүү концертин Талас өрөөнүндө берсе, быйыл жазында борбор калаада жеке концерт тартуулашкан.


кошулду





9-майда саат 15:00дө Түз эфирде конокто Музаман тобу жана Назми

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.05.2018. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ураа-а, мен жакшы көргөн, баалаган ырчылар турбайбы)
09.05.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суроо, каалоо тилек деле жок буларга бир ырдап чыгып жок болуп кетишет бир ыр менен кошо. а Назмиге уй булоолук бакыт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: