super.kg logo

ЖЭБ чыры. "Электр станцияларынын" мурунку башчысы Салайдин Авазов тергөө иштери аяктаганга чейин абакта калтырылды

 

"Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси, учурдагы Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов тергөө иштери аяктаганга чейин абакта калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Сулаймановдун айтымында, Авазовдун жакындары шектүүнү үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. "Салайдин Авазовдун баш коргоо чарасы кечээ, 7-майда Бишкек шаардык сотунда каралды. Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Авазов тергөө аяктаганга чейин абакта калсын" деген чечим чыгарган. Буга байланыштуу шектүүнүн жакындары үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган. Ал эми шаардык сот кайрадан эле тергөө иштери аяктаганга чейин Авазовду УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алды", - деди Сулайманов.

Айта кетсек, 17-апрелде Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялар" ишканасынын мурунку директору Салайдин Авазов жана анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин ("коррупция") 1-бөлүгү боюнча шектүү катары УКМК тарабынан кармалган.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн.

Буга чейин УКМК тарабынан "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев, ушул эле мекеменин техникалык директору Алмаз Жусупбеков, ишкананын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев, "Электр станциялары" ишканасынын модернизациялоо тобунун жетекчиси Темирлан Бримкулов, "Улуттук энергохолдингдин" башчысы Айбек Калиевдер кармалгандыгы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
08.05.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
мен бир гана нерсе айталам.ал киши жалалабат учун чон иш жасады.алкаш атасы байды ыраазы кылды,элди да ыраазы.
08.05.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Attila88,эмне чоң иш кылды экен
08.05.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Attila88,Мен да бир соц.тармактагы талкуудан бул киши ж.дө көп жакшы сөздөрдү угуп калдым эле. Эмнеси болсода адилеттүү чечим чыгарылсын. Айыбы жок болсо бошотулаар
08.05.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеген болсо мыйзам чегинде жооп бериш керек
08.05.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок бул киши таза болсо керек себеби Бакиевдин убагында сууну инилериң Өзбекстанга сатып жатыптыр деп айтып кирсе молодец жакшы эскертиң чара көрөм деп туруп бир жумадан кийин өзүн кызматтан алып койгон экен
10.05.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авазов жакшы иштеген киши
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: