super.kg logo

Аида Салянованын ишин Жогорку Сот карай баштады

 

Бүгүн, 8-майда Жогорку Сотто экс-депутат Аида Салянованын ишин кароо башталды. Аны колдоо максатында фракциялаштары Наталья Никитенко, Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, туугандары жана жакындары келишти.

Отурум башталар алдында Салянованын тарапташтары залга журналисттер жана байкоочулар батпай жатканын айтып, башка чоңураак бөлмөгө өтүүнү суранышты. Соттук коллегия отурум өтүп жаткан зал имараттагы эң чоң бөлмө экенин билдирди.

Соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочу Чынара Жакупбекова Аида Салянованын күнөөсү жок экенин айтып, аны актоону өтүндү.

Айта кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын наристеси 14 жашка толгондо, 2029-жылы күчүнө кирет. Салянованын кызы 2015-жылы 18-июлда төрөлгөн.

Быйыл 7-февралда Бишкек шаардык соту Саляновага карата чыгарган райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга байланыштуу Салянова өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: