Өкмөт электр тармагын жакшыртабыз деп дагы 4 миллион евро карыз алганы жатат
Кыргыз өлкөсү энергетика тармагын жакшыртуу максатында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 6 миллион евролук насыя жана грант алмакчы. Аталган мыйзам долбоорун парламенттин Отун энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети жактырды.
Маалыматка ылайык, аталган каражаттын 4 миллион евросу насыя түрүндө, 2 миллион евросу гранттык негизде берилет.
"Бул долбоор негизинен Түп, Нарын, Жети-Өгүз аймактарында ишке ашырылат. Насыя алуу боюнча келишимге 2017-жылдын декабрында кол коюлган. Бул долбоор 3 жылда ишке ашырылып бүтүшү керек. Натыйжада электр зымдары жакшырып, "акылдуу эсептегичтер" сыяктуу бир топ жабдыктар жаңыртылат. Авариялар да азаят", - деп жазылган долбоордо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
-4

жешсе ичтерин тешсе экен
Кытайга ХХХХХХХХХХХХ