super.kg logo

Бишкек ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын убактысынын көбү эмнеге кеткени белгилүү болду

 

Кытайдан алынган 386 миллион долларга Бишкек ЖЭБин жаңылоодо пайда болгон күмөндүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия бүгүн, 8-майда саат 16:00дө кол коюуга чогулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына комиссия мүчөсү, депутат Аида Касымалиева (КСДП) билдирди.

Анын айтымында, учурда комиссия корутундунун үстүндө иштеп жатат. "Кечээ 3 депутат Акылбек Жамангулов, Алмазбек Токторов жана менин сунуштарыбызды өзүнчө талкуулаганбыз. Ошол сунуштар корутундуга кирди. Азыр жалпы карап чыгабыз. Саат 16:00дө жалпы чогулуп, корутундуга кол коюу болот", - деди Касымалиева.

Мындан тышкары ал аталган депутаттык комиссиянын убактысынын көбү корутундуга аттарды киргизүүгө тастыктоочу документтерди тактоого жана издөөгө кеткенин айтты.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамы:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Аалы Карашев, Улан Примов (комиссиянын төрагасы);

"Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: