super.kg logo

Пашинян Армениянын премьери болду

 

Бүгүн, 8-майда Армения парламенти өлкөнүн өкмөт башчылыгына Никол Пашиняндын талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Пашинянды 59 депутат колдоп, 42 депутат "каршы" добуш берди.

Эске салсак, өткөн аптада премьерликке көрсөтүлгөн Пашинян парламенттеги көпчүлүк добушка ээ боло албагандыктан өкмөт башчылыкка шайлана алган эмес. Анын талапкерлигине 45 депутат "макул", 55 депутат "каршы" добуш берген эле.

Апрель айынын ортолорунан тартып Арменияда массалык толкундоолор башталган. Толкуган элдин талабы 10 жыл президент болгон Серж Саргсянды жана анын "Республика" партиясын бийликтен кетирүү эле. 2-президенттик мөөнөтү аяктаган Саргсян премьерликке шайланып, бир нече күндөн кийин отставкага кеткен.

Буга байланыштуу 1-майда парламентте премьер-министрликке шайлоо болуп, оппозициядан талапкер болгон Пашинян жетиштүү добуш жыйнай алган жок. Армения мыйзамына ылайык, эгер бул ирет да премьер шайланбай калганда парламент тарап, кезексиз депутаттык шайлоо болмок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
08.05.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик!
08.05.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай жол менен келген адам оной албайт олкосун озунун кызыкчылыгы учун келди
08.05.2018. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар! Акыры оппазиция оз максатына жетиптир. Эми ОДКБдан чыгып НАТОго багыт алып орустарды кочуко тепкиле, ЕАСтин бетине тукургуло. Нагорный карабахты бергиле Азерлерге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: