super.kg logo

Токтогулда мурдагы мугалими тарабынан сабалган 13 жаштагы баланын атасы окуянын чоо-жайын айтып берди

 

Токтогул районунда 7-класстын окуучусун сабаган деп мурдагы мугалим айыпталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Бала-Чычкан айылындагы орто мектептердин биринин мурдагы дене тарбия мугалими 7-класстын окуучусун себепсиз сабаган деп айыпталууда. 2018-жылдын 28-апрелинде Токтогул РИИБине аталган айылдын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү 1986-жылы туулган мурдагы дене тарбия мугалими С.Э. эч себепсиз 7-класста окуган баласын сабагандыгын жазган. Бул иш боюнча экспертиза дайындалып, окуучунун жеңил жаракат алгандыгын аныктаган.

SUPER.KG порталы жабыр тарткан баланын атасы Кубан Токтоназаровго байланышып, окуянын чоо жайын билдик.

"28-апрель күнү кечки саат 19:00 чамасында балам М.Ы. айылдын башында жумуштап жүргөн жеринен С.Э. кармап алып, башын эки жеринен жарып сабаган. Мен ошол эле күнү милицияга арыз менен кайрылгам. Бирок милиция тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок. Качан гана бул маалымат журналисттерге тарап кеткенден соң, милиция С.Э.ни издеп башташты. Кийин сабаган баланын апасы үйүмө кечирим сурап келип, 2 миң сом акча сунуштады, ага макул болгон жокмун. Себеби колу менен кылганын моюну менен тартсын. Азыр баламды Бишкекке алып барып дарыгерлерге көрсөтүп, текшерүүдөн өткөрдүк, керектүү дары-дармектерин алып бердим. Балам аябай коркуп калыптыр, азыр өзү эшикке чыгып-кире албай жатат.

Ал эми сабаган кишини милиция кызматкерлери Бишкекте жүргөн жеринен кармап кетишиптир", - деди жабыр тарткан баланын атасы Токтоназаров.

Учурда "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, С.Э. Токтогул РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
08.05.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыкаачы
08.05.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алы ушул чүкөдөй болгон балага жеттиптирби? Түрмөгө түшсө ошол жактан күч сынашат эми. Зектер эки күндө молдо кылат.
08.05.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыркы адамдарга да ишенбей кетесин кээ бир адамдар кумурскадан пил жаратып жиберет кимисине ишенеериңди да билбейсин
08.05.2018. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чндап баланы ошол абалга жеткирсе анда камалсын жалган жалаа болсо......
08.05.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ии байкушум десе кантип ушундай болсун аны жазалаш керек
09.05.2018. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башы танылып турат го. Сотрясение алды байкуш бал
09.05.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгер физрук болсо жондон жон сабаганына козум жетпейт;Элестеткиле келип эле ун соз жок сабап кирсе....азыркы 7-класстар чукодой эмей эле чооон жигит болуп,мугалиминин эмес ата-энесин укпай калган кези,билбейм экоонун ортосунда тушунбостуктор болгондур;жондон жон эле сабай берген агай болсо башкалар деле эчак кайрылмак да;Коз менен корбогон сон алдын ала Бир тарапты куноолой албайбыз.Агайдан корсотмо алышсын да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: