Жеңиш үчүн рахмат айтып, ыраазычылыгыңды ишиң менен көрсөт

Каармандыгы менен белгилүү кыркынчы жылдарды, согушту башынан өткөргөн адамдарды эскерүү – биз үчүн, Улуу Жеңиштин мураскерлери үчүн абдан маанилүү. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда алардын патриоттуулугу, жан аябаган эрдиктери жана эмгектеги жетишкендиктери биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.
Улуу Жеңишке жеткирген даңктуу баатырларыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдирүү ар бирибиздин колубузда.
Ар бириңер, урматтуу окурмандар жана Кыргызстандын тургундары, ардагерлерге кубаныч тартуулап, колуңардан келген жардамды бере аласыңар. Муну салтка ылайык О! Мобилдик оператору уюштуруп жаткан "Жеңиш Күнү" кайрымдуулук акциясына катышуу менен оңой эле аткарса болот. 1945 номерине SMS жөнөтүп же чалуу менен сиз ардагерлерди колдоого 20 сом которосуз.
"О! түйүнүнүн абоненттери мындай каражаттарды топтоо боюнча иш-чарага активдүү катышып келишкен. Биз бир жыл эмес, бир топ жылдан бери марафонго катышып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине даректүү жардам берип келген ар бир адамга ыраазычылык билдиребиз. Биз жалпы аракетибиз менен мурунку жылдардагыдай эле аларга колдон келген жардамыбызды бере алабыз деп ишенебиз", - деп О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко белгилеп өттү.
Бул Акция көп жылдардан бери уюштурулуп келет. 2017-жылдын марафону кандай өткөндүгү тууралуу бул жерден окусаңыз болот. Быйылкы кайрымдуулук марафону 11-майга чейин болот. Ал аяктагандан кийин бардык топтолгон каражаттар "Кыргыз Республикасынын согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин Республикалык Кеңеши" коомдук бирикмесине Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бирдей бөлүштүрүү үчүн даректүү өткөрүлүп берилет.
Акция тууралуу отчётту мурдагы жылдардагыдай эле www.o.kg расмий сайтынан жана Кыргызстандын алдыңкы басма сөз каражаттарынан окуй аласыздар.
кошулду

Чыныны мекен учун курок 16-жылкы уркун болгон, мына ушул датаны укмуш которуп элдин эсине салып откоруш керек! Баткен согушундагы ардагерлерди колдоп акча берип шаан шокот кылыш керек! Афган согушу менен Экинчи дуйнолук согуш бул кыргыз эли калония болуп турган убактагы аргасыз катышкан согуш. Качанга чейин орустан коркуп жашайбыз, качанга чейин орустун койгон корсотмосу менен жашайбыз!? Качан биз озубуздун чыныгы майрамды майрамдай