Майрамга карата борбордогу коомдук транспорттордун каттамы өзгөрөт
Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгына карата уюштурула турган иш-чаралардан улам Бишкектеги коомдук транспорттордун каттамы убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-май күнү саат 09:00дөн тартып кечки 18:00гө чейин бир нече маршруттук таксилердин каттамы өзгөрүп, троллейбустук каттам токтойт. Тактап айтканда, №104, 108, 111, 117, 118, 121, 122, 129, 130, 137, 138, 144, 145, 150, 152, 155, 163, 166, 169, 172, 180, 185, 202, 211, 220, 224, 226, 230, 234, 252, 257, 285-номердеги маршруттук таксилер Ибраимов көчөсүнүн батыш тарабынан түндүк тарапты көздөй Жумабек көчөсүнө чейин жүрүп, андан ары кыймылын улашат.
Ошондой эле майрам күнү №8-троллейбустун каттамы убактылуу токтотулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.