super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Камактан чыккан депутат Садыр Жапаров Ысык-Көл элинин батасын алды

 
Каракол шаарынын борбордук аянтына чогулган эл
"Айкөл" тобу жыйындын катышуучуларына ыр десте тартуулашты
Аксакалдар, байбичелер Садыр Жапаровду камактан чыгышы менен куттукташууда
Күндүн ысыгынан жыйындын катышуучулары бак-дарактын көлөкөлөрүндөгү көк шиберде отургандар болду
Жыйынга келген облус тургундарына бекер гезит таратылды
Жыйынга "Чындык" саясий партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров дагы катышты
Садыр Жапаров элге колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирүүдө
Жергиликтүү тургундар депутаттарды кунт коюу менен угуп отурушту
Жыйындын жүрүшү
Аксакалдар, байбичелер Садыр Жапаровго ак калпак, чепкен кийгизишти
Жергиликтүү тургундар депутат менен учурашууда
Жыйындын соңунда аксакалдар Садыр Жапаровго бата беришти

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борбордук аянтында саат 12:30да  “Ата Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын башын бириктирип, атайын жыйын уюштурду. Жыйынга  "Чындык" саясий партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров дагы катышып, "Кумтөр" маселеси тууралуу элге  маалымат берип, ишкана жергиликтүү тургундардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын айтып өттү. Депутат Садыр Жапаров өз сөзүндө: "Кумтөр" ишканасынын  көйгөйүн чечүү жалгыз менин колумдан келбейт.Ошондуктан жалпыбыз жаркын жашоого аракет кылуубуз зарыл"-деп белгиледи. Андан соң Садыр Жапаров  иш-чаранын  катышуучуларынын суроолоруна жооп берди. Облус аксакалдары Бишкек шаардык соту тарабынан бардык беренелер боюнча акталып, камактан бошотулган “Ата Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаровду куттукташып, ага бата беришип, ак калпак, чепкен кийгизишип, камчы жана гүлдестелерди белекке беришти. Иш-чаранын экинчи бөлүгү шаардагы белгилүү кафелердин биринде чай үстүндө уланары маалым болду. Депутат менен бирге келген жыйындын уюштуруучуларынын айтымында, кафеде мал союлуп, Садыр Жапаровго түлөө өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: