super.kg logo

Экс-депутат Аида Салянова учурда эмне менен алектенип жатканын айтты

 

Экс-депутат Аида Салянова элге акысыз юридикалык кеңеш берүү боюнча социалдык долбоордун үстүндө иштеп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-майда журналисттерге билдирди.

"Биз өзүбүздүн укугубузду, саясий иш болсо дагы туура эмес экенин билип жатабыз. Эң биринчи элдин алдында ак экенибизди далилдегенге аракет кылуудабыз. Ал эми карапайым элдин арасында мыйзамды, укукту билбей туруп жабыркап жаткандар көп. Укуктук мамлекет болобуз деп жаткандан кийин ушул катмарга көп жардам бериш керек. Биз азыр элге акысыз жана кеңири юридикалык жактан кеңеш берүү үчүн долбоорду иштеп баштадык. Долбоор качан ишке киргизиле турганы жөнүндө маалыматты кийин айтам", - деди Салянова.

Айта кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын наристеси 14 жашка толгондо, 2029-жылы күчүнө кирет. Салянованын кызы 2015-жылы 18-июлда төрөлгөн.

Быйыл 7-февралда Бишкек шаардык соту Саляновага карата чыгарган райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга байланыштуу Салянова өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
08.05.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Министр болуп турганда ушул ишти кылсан ишке ашмак. Азыр кылаарга ишин жок элге жагыныштын аргасын издеп атыптырсын
09.05.2018. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камаш керек эле муну
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: