super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Суу сыйлабас кор болор! Чоң арыктагы суу менен таштанды да, жаныбарлардын тарптары да агып келет"

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун борбордук бөлүгүндөгү эң чоң арык таштандыга толуп кетти. Мындай маалыматты окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлап, сүрөттөрү менен бөлүштү.

Анын айтымында, андагы абалды эч ким көзөмөлгө албайт.

"Райондун борбордук бөлүгүндөгү Ибраимов көчөсүндө турабыз. Биздин көчө аркылуу чоң арык аркылуу суу агып өтөт. Ал суудан эмнелерди гана кезиктирбейсиң! Бөтөлкө, желим идиштер, жарактан чыккан күнүмдүк тиричилик буюмдары, ал тургай иттин, эшектин, мышыктын өлгөн тарптары да агып келет. Ар кайсы жерде такалып жатып, алар сасып кеткен учурлар да болот. Бирок эч көзөмөл жок.

Мына бул иттин өлүгү агып келгенине 2-3 күн болду, биз четке чыгарып койгонбуз. Бирок ар бир эле агып келген тарпты көмүп же жок кыла албайбыз да. Эң эле өкүнүчтүүсү райондун борборунан кийинки айылдарда бул арыктагы суу ичүү үчүн пайдаланылат. Эгер тиешелүү мекемелер аракет көрбөсө, кесепети чоң болот", - деп жазды окурман.

Ошондой эле ал тургундарды сууну сыйлоого чакырып, таштандыны сууга ыргытпоого чакырган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.05.2018. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул деген жеткен акмакчылык .Ата энесинен такыр тарбия корбогондор Ушундай кылат. ушуу итти Ким сууга ыргыткан болсо ошол адамдында денеси ушул иттикиндей болуп огулу сууда жатып курттап кеттсин. сен таза больше мен таза болсом кыргызстаныбыз таза болот туугандар.
08.05.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылдагылар оздору куноолуу. Жаз келери мн бардык жерде арыктарды казып тазалашат. Автор сенда эртен озун уюштур, тазалап койосунар.
09.05.2018. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арык тазалайбы же смартфон утабы ?
Биякка жиберген оңой болуп жатат да.
09.05.2018. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өтө өкүнүчтүүго биягы ити өлсө алып барып гөмүп койбойбу иттин кадырын билбеген кандай адам бул,же бирөө жарым унаасы менен сүзүп кетип арыкка учура койдубу
09.05.2018. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Artinbek,суусунун кандырып, жашоо берип турган суунун кадыры жогору эмеспи иттен да. Ошол суунун кадырын билбеген анкоо иттин кадырын билмек беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: