super.kg logo

Согуштан кийинки өмүрүн тартип сакчылыгына арнаган 94 жаштагы ардагерден Жалал-Абад ОИИБи кабар алды

 

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Улуу Ата Мекендик согушка катышып келип, милиция тармагында кызмат өтөгөн ИИМдин ардагерлеринен кабар алды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Улуу жеңиштин 73 жылдыгына карата бүгүн, 8-майда Жалал-Абад облустук милициясы Уулу Ата Мекендик согушка катышып келип, милиция тармагында кызмат өтөгөн ИИМдин ардагерлеринен кабар алды. Ардагерлердин жашоо турмушу менен таанышкан тартип сакчылары аларга азык-түлүк жана үй тиричиликке керектелүүчү каражаттар менен жардам көрсөтүштү.

“Бүгүнкү биздин жаркын жашоодо жашап жатканыбызга шарт түзгөн дал ушул аталар. Ошондуктан алардын жашоо шартынан кабар алып, жардам берүү - ар бирибиздин милдетибиз. Учурда согуштан келип, милицияга кызмат кылган согуштун ардагери Гаваз Мингараев жана арабызда саналуу калган согуштан кайтып келген аталарыбызга жыл сайын жардам көрсөтүлүп келет", - деди Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Кылыч Жолдошев.

Учурда согушка катышып келип ИИМде кызмат өтөп келген ардагерлердин ичинен облус боюнча бир гана Гаваз Миңгараев тирүүлүктүн доорун сүрүүдө. Ардагер азыр 94 жашта. Мындан тышкары облустун шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрү да согуштун ардагерлерине барып, жакындан материалдык жардам көрсөтүп жатканын басма сөз кызматы кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: