super.kg logo
  Саясат  

Исаков, Оторбаев, Шыкмаматов... ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна кимдердин аттары кирди (тизме)

 

Кытайдан алынган 386 миллион долларга Бишкек ЖЭБин жаңылоодо пайда болгон күмөндүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия 8-майда корутундуну кабыл алган.

Бул документте ЖЭБди жаңылоого тиешелүү жетекчилердин аты-жөнү, ишти кимдер баштаган, ким уруксат берген, сүйлөшүүнү ким жүргүзгөнү, документтерге ким кол койгону камтылган. Корутундуда аты аталган 30га жакын адамдын ишине укуктук баа берүү сунушталат. Алар:

  • Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев,
  • Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев,
  • Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков,
  • “Улуттук энергетикалык холдингдин” жана Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев,
  • Мурдагы экономика министри Темир Сариев,
  • Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев,
  • Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Турсунтай Салимов, Гүлнара Жамгырчиева,
  • Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев,
  • Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова,
  • Каржы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгөнчөков,
  • Мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов,
  • Экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов,
  • Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев,
  • Экотехинспекциянын башчысы Канатбек Муратбеков,
  • Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы Турдубек Мамбетов,
  • “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башчылары Салайдин Авазов, Абдылда Исраилов, Таалайбек Толубаев, Узак Кыдырбаев,
  • Бишкек ЖЭБинин экс-директору Нурлан Өмүркул уулу,
  • Бишкек ЖЭБинин учурдагы директору Андрей Воропаев,
  • Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин учурдагы башчысы Улан Рыскулов,
  • Экотехинспекциянын инспектору Шараф Ачилдиев,
  • Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин мамлекеттик экспертиза департаментинин экс-директору М.Акматалиев,
  • ӨКМнын Өрткө каршы агенттигинин Д.Абдираев.

Кечээ комиссиянын курамындагы үч депутат иш сапарда болгондуктан кол коюшкан жок. Алар келгенден кийин таанышып чыгып кол коюшмакчы. Эртең, 10-майда депутаттык комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жыйынында айтылат.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамы:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Аалы Карашев, Улан Примов (комиссиянын төрагасы);

"Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: