super.kg logo

"Көтөн чучугу жок төрөлгөн балам заң чыгаруудан кыйналат деп тамак бербейбиз. Андайда ал ачкалыктын азабын тартат" дейт апасы

 

"Баламдын абалын көрүп жүрөгүм тилинет" деп сөзүн баштады Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Жар айылынын тургуну Анара Нышаналиева. Ал азыркы учурда башынан кечирип жаткан кейиштүү күндөрү тууралуу SUPER.KG порталына баяндап берди.

30 жаштагы Нышаналиева - 4 баланын апасы. Улуу баласы 5-класста, кийинки кызы 2-класста, үчүнчү баласы 3 жашта.

"Ал эми 4-балам Максат, буюрса, 15-майда бир жашка чыгат", - деди ал. Айтымында, көкүрөк күчүгүнүн көтөн чучугу жок төрөлгөн.

"Кызыл-Жар айылында төрөт үйү бар, өткөн жылы ошол төрөт үйүнөн уулумду төрөдүм. Дарыгерлер көтөн чучугу жок экенин айтышып, дароо Жалал-Абад шаарына жөнөтүштү. Ал жерден заң чыгыш керек деп операция жасашып, киндигинин үстүн тешип, ичегисин чыгарып коюшту. Ошентип балам төрөлөрү менен оорунун азабын тарта баштады.

Негизи кош бойлуулугум жакшы эле өткөн, Максат 3 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөнү менен, азыр салмагы 1 жаштагы балдардыкынан аз. Өтө алсыз, каны аз. Анткени заң чыгара албай кыйналат деп жалаң сүт менен багуу керектигин дарыгерлер айтышкан. Андайда курсагы тойбой ыйлайт, кээде жүрөгүм чыдабай тамак-аш аралаштырып берип коём. Чынында заң чыгара албай кыйналат, абдан күч келгенде жыныс мүчөсүнөн да чыгып кетет.

Ыйлайт, ооруйт. Баланын эзилип кыйналганын кароо эне үчүн оор. Күйөөм болсо дары каражаттарына акча табам деп тынымсыз ар кайсы жумушта иштеп жүрүп ооруп калды. Дарысына эле жумасына кеминде 3 миң сомдон ашык акча жумшалат. Ичегиси сыртта болгондуктан чаң жугузбай, таза кармашыбыз керек. Мен балдарымды карагандан башка жумушка бошобойм", - деди Нышаналиева.

Ошондой эле ал Максатты мындай оор күндөрдөн куткарууга үмүт бар экенин айтты. Ал билдиргендей, жай мезгилинде көтөн чучук боюнча америкалык дарыгерлер Ысык-Көлгө келишет.

"Бул жерде ичегисин сыртка чыгаруу боюнча жасалган операциясына дары каражаттары менен кошулуп жатып 70 миң сомдон ашык акча кеткен. Андан бери да керектүү дарыларын алып жатабыз. Бул жактагы адистер америкалык дарыгерлер 2 операция жасай турганын айтышты. 1-көтөн чучукту ачуу керек, бирок баламдын ичегиси 3 сантиметр кыска экен. Ошол өсүш керек деп 1 жыл күттүк, эгер өспөгөн болсо операция оор болот. Мындан тышкары жыныстык мүчөсүнөн заңдын чыгып кетиши ичегинин туура эмес жайгашканынан боло тургандыгын дарыгерлер түшүндүрүп беришти. Ошол ичегини арткы көтөн чучукка алып өтүү керек.

1-операциясына эле 300 миң сом жумшалат деп жатышат. 2-операциясына канча акча керек болот билбейм. Бирок баламды бул азаптан ушул жайда куткарып калышым зарыл деп жалпы элден жардам сурап кайрылам. Төрт балалуу карапайым үй-бүлө канча иштесек да азыр андай сумманы таба албайбыз. Өзүбүз батирде турабыз, Максат төрөлгөндөн тартып акчабыз тартыш болуп 1 жылда 7 жолу батир котордук", - деп кошумчалады эне.

Максаттын операциясына жардам берүүнү каалагандар үчүн Нышаналиева Анара Ахмадбековнанын байланыш номери: +996 0778 380 - 515. Элсом номер: Анара Нышаналиева, 0778 380 - 515.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(27)
09.05.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Аллах шыфа берсин
09.05.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ыйлап жибердим, алтыным аман-эсен айыгып кетсин!
09.05.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мен да ыйлап жибердим кудай бул жашоо до наристелер оорубасын шыпаа берип жакшы болуп кетсин бул кундорун корбогон ой болуп кет
09.05.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жаным десе.Аллахым шыпаа бере көр!
09.05.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
жакшы болуп кет балакай!
09.05.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Жараткан Тенирим ден соолук берсин.
09.05.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эээ Алла жаратуучу да алуучу да озунсун ушу наристенин оорусу айыгып кетсинчи Аллааа
09.05.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ыйладым чындыгында.... Буйруса баары жакшы болот кайрымдуу,мээримдуу элдерибиз коп...
09.05.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Тенирибиз Ала Тообузга тынччылык берсин. Бар болсун Тенир Тоолук кыргыз элим. Оорубайлык.
09.05.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Келгиле туугандар,колубуздан келишинче жардамдашалы 50,100,500,1000 болсо да.Коп тукурсо кол болот.
09.05.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оо кудайым ушул наристенин шыпаасын бере кор ылайым..журогум зыркырап ыйладым эхх.эч бир бала оорубасынчы
09.05.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ооруну берген дагы Аллах, ага шыфаасын берген дагы Аллах.
Аллах Таалам шыфаасын берсин. Ата-энесине сабыр жана Аллахдан умутунуздорду узбонуздор демекчимин.
09.05.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshtuk_jigit,
Провокацияга жол берилбейт! Порталдын эрежелерин сактаңыз! 10 күн БАНга!
09.05.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ЭлСомдон счету бар бекен? Жок болсо ачып кою керек.Чет жерден акча салуучулар отчествасын кошо жазуу керек
Pandora түзөттү 2018-05-09 13:39:00
10.05.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pandora,Нышаналиева Анара Ахмадбековна
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/231247/ деп турат го ФИОсу
09.05.2018. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо кудайым озун шыпаа бер.
09.05.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым шыпаа берсин
09.05.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акча которгондо фамилия имя отчествосу толук керек,. Жазып койсонор жакшы болот эое да,ансыз банк кабыл албайт
10.05.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei,Нышаналиева Анара Ахмадбековна
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/231247/
09.05.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иий жожо. Айыгып кет. Сенин да толук кандуу оюн ойноп жашоого акын бар
09.05.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым шыпаасын берсин.айыгып кетсин бул кундорду корбогондой болуп айыгып кетсин жожо десе.колубуздан келишинче жардам берели мусулман бир туугандар
10.05.2018. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элсом деген кандай колдонулат? Ошол номерге бирдик сыяктуу акча салынабы же кандай? Билгендер айтып койосуздарбы?
10.05.2018. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cholpon119966,ошол бирдик салган терминалдарда «элсом «деген болум бар,ошого кирип эле элсомдун номерин терип акчанызды салып койосуз,бирок устудо жазылган номер телефондуку эле го дейм,элсом ачыша элек окшойт
10.05.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qnet,элсом номери деп турат го Элсом номер: Анара Нышаналиева, 0778 380 - 515.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/231247/
10.05.2018. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cholpon119966,оа.же терминалда благотворительность бар ошого салсан болот элсомдун номерин терип
10.05.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпасын берсин Аллахым озу колдосун наристени Оомин!
11.05.2018. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин балам дагы ушундай торолгон.20 кун жашап чарчап калган,заны оозунан чыга баштаган акыркы кундору.Эмчек эме алчу эмес эле оз алдынча.Такыр эмчек сорбой отуп кетти((.10 кундой дары менен жашады торолгондон кийин.Баламы коруп чыккан сайын ыйлачумун акыбалын коруп.Апасынын койнундада жатпады бир жолу болсода.Эмне себептен мындай торолот деген суроого так жооп бере алышкан эмес врачтар.Ушул суроо боюнча кененирээк жооп кутом Супер Инфодон.Макала кылып чыгарсанар кийинки санында кененирээк.(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: