super.kg logo

Жалал-Абад шаарынын тургуну: "Көчөдөгү кудуктардын капкактары дээрлик жокко эсе"

 

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндөгү кудуктардын көпчүлүгүнүн капкактары дээрлик жокко эсе. Мындай көрүнүшкө күбө болуп келе жаткан шаар тургундары тынчсызданып жатышкандарын SUPER.KG порталына билдирди.

Шаар тургуну Гүлсүм Кочкорбаеванын айтымында, шаар бийлиги ушул маселени көзөмөлгө алса жакшы болмок.

"Биздин дүкөнүбүздүн алдында кудук бар, тилекке каршы, анын капкагы жабылган эмес. Ар убак мына ушул жерден кабатырланып отурабыз. Өзүмдүн уулум да ушул жол менен мектепке барат, качан байкабай басып алып, түшүп кетет деп тынчсызданам. Буга чейин окуучулар байкабай кудукка түшүп кетип, жаракат алышкан. Мына ушуну шаар бийлиги көзөмөлгө алып койсо болмок. Буга окшогон оозу ачык кудуктар шаарда толтура, аны менен эч кимдин иши жок. Кудуктун ичи таштандыга толуп кеткен, айрымдары таштандылар таштала берип жер менен тегиз болуп калган. Менимче, ал жерди тазаласа бир машина таштанды чыгат го", - дейт шаар тургуну Кочкорбаева.

Бул маселе боюнча Жалал-Абад шаардык курулуш, транспорт жана коммуналдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Руслан Жунусов кудуктарга текшерүү жүргүзүп, оозу ачык кудуктарды жабуу тапшырмасын бергенин белгиледи.

"Буга чейин биз "Жалал-Абад Газ", "Жалалабатэлектро" жана шаардык "Суу канал", "Кыргызтелеком" менен биргеликте шаардагы кудуктарды текшерип чыктык. Ошону менен катар оозу ачык кудуктарды тизмеге алып, кимге тиешелүү болсо үч күн аралыгында капкактарын жабууну тапшырма бердик. Ал эми жеке менчикке тиешелүү болгон кудуктарды да тизмеге алып, аларга кат жолдодук. Буюрса, алдыда шаардагы бардык кудуктарды текшерип, капкактарын жабууну колго алабыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: