super.kg logo

Нарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленди

 

Нарында 9-Май - Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Нарын облусунун өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара жөө жүрүш менен башталып, ага бир топ эл өкүлдөрү катышкан. Жөө жүрүштүн алкагында Өчпөс отко гүл коюлуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырлар эскерилген. Андан соң аларга багышталып куран окулган. Иш-чарада шаар мэри, облус башчысы сөз сүйлөп, Нарындын жалпы тургундарын Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктаган. Андан соң элге атайын даярдалган концерттик программа сунушталып, согуш ардагерлерине согуш тамагы аталган ботко берилген.

Белгилей кетсек, учурда облус боюнча 18 согуш ардагери, 59 оорук эмгекчилери, ошондой эле 78 согуш ардагерлеринин жесирлери бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: