super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркулов Түркиянын Жогорку билим берүү боюнча комитетинин төрагасы менен жолугушту

 
Мэр Иса Өмүркулов Түркиянын Жогорку билим берүү боюнча комитетинин төрагасы Гокхан Четинсая менен жолугушту
Иса Өмүркулов Түркиянын Жогорку билим берүү боюнча комитетинин төрагасы жана мүчөлөрү менен жолугушту
Түркиянын Жогорку билим берүү боюнча комитетинин төрагасы Гокхан Четинсая
Жолугушуу учурунан
Жолугушуу учурунан
Мэр Иса Өмүркуловдун Түркиянын Жогорку билим берүү боюнча комитетинин төрагасы Гокхан Четинсая менен жолугушуусу

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Түркиянын Жогорку билим берүү боюнча комитетинин төрагасы Гокхан Четинсая менен жолугушту. Жолугушууга шаардын вице-мэри Олег Попиков жана Түркиянын Жогорку билим берүү боюнча комитетинин мүчөлөрү Дурмуш Гунай, "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин өкүлү Мехмет Шишман жана башкалар катышты. Анда тараптар билим берүү маселелерин талкуулашты. Шаар башчысы азыркы учурда Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, медицина тармагы, социалдык объектилерди куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу кызуу жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берди. Мындан сырткары Иса Өмүркулов, "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин окуу базасы өсүү жолунда экендигин жана студенттер сапаттуу жогорку билим алышарын белгиледи. Өз кезегинде Гокхан Четинсая жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан ары эки өлкө ортосунда кызматташуунун чыңдалышына ишенимин билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: