super.kg logo

Эч ким, эч качан унутулбайт. 45 миң адам катышкан "Өлбөс полк" жүрүшүнөн фоторепортаж

 
Сооронбай Жээнбеков чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты
Болжолдуу түрдө 45 миң адам катышты
"Жеңиш" паркынан "Жеңиш" аянтына 2 саатта басып келишти
Ар бири ардагерлердин портреттерин көтөрүп чыгышты
Коомдук ишмер Турсунбек Акун быйыл да алдыңкы сапта басып келди

Бүгүн, 9-майда Кыргыз жеринде Улуу жеңиштин 73 жылдыгы белгиленип жатат. Ага байланыштуу Бишкектеги "Жеңиш" аянтында бийлик жетекчилеринин катышуусунда эскерүү иш-чарасы өтүп, андан кийин саат 10:00дө "Жеңиш" паркынан "Өлбөс полк" жүрүшү башталды. Акциянын катышуучулары "Эч ким, эч качан унутулбайт" деген жазуулары бар плакаттарды, ардагерлердин портреттерин көтөрүп алышкан.

Жалпы 6,5 чакырым жол басып саат 11:45те "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко келишти. Ал жерде "Жеңиш күнү" ыры ырдалып, андан кийин Өчпөс отко гүл чамбар коюлуп иш-чара аягына чыкты. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, акцияга былтыр жалпы 30 миңдей адам катышкан болсо, бул ирет болжолдуу түрдө 45 миң адам катышты. Кыргыз жергесиндеги "Өлбөс полк" жүрүшү быйыл 5-ирет өтүп жатат.

Белгилей кетсек, "Өлбөс полк" жүрүшүнө мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков да катышып, Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты. Анын уулдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков согуштан жарадар болуп кайтып келишкен. Алар көрсөткөн каармандыгы үчүн “Кызыл Жылдыз” орденине жана медалдарга татыктуу болушкан. Согуштан кийин көп жылдар бою партиялык, советтик жана чарбалык кызматтарда жетекчи болуп эмгектенишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.05.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Улуу Кыргыз элим бүгүнкү майрамыныздар менен
09.05.2018. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы отту. Озумду коруп каламбы десем, жокмун го)
09.05.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен!
09.05.2018. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ватниктердин майрамын майрамдабагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: