super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 10-МАЙ: 20 жашында мыкты бомбардир деп табылган бразилиялык футболчу Диего Тарделли 33 жашка толду

 

Бүгүн Бразилия курама командасынын жана Кытайдын "Шаньдун Лунэн" футбол клубунун чабуулчусу Диего Тарделли 33 жашка толду.

Ал 1985-жылы 10-майда Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы Санта-Барбара-д’Уэстте төрөлгөн. Бала кезинен футболго кызыгып, "Сан-Паулу" футбол клубунда ойногон. 2013-жылдан тарта профессионалдуу футболчу болуунун үстүндө иштей баштаган.

Анын аракети 1 жылдан кийин өз жемишин берип, Сан-Паулунун жаштар кубогун жеңип алган. Ал эми 2015-жылы штаттар аралык чемпионатта каршылашынын дарбазасына 12 гол киргизүү менен, команданын мыкты бомбардири аталган.

2006-жылы "Реал Бетис" испан клубуна жиберилип, көп узабай эле мурдагы командасына кайтып келген. Ал мунун себебин Европанын тартибине көнө албай койгондугу менен түшүндүргөн.

2008-жылы Рио-де-Жанейронун "Фламенго" командасынын негизги курамынын оюнчусу болгон. Бир жылдан кийин Диего Тарделли "Атлетико Минейро" командасына келет.

2011-жылы Махачкалынын "Анжи" футбол клубу менен 4 жылдык келишим түзгөн. Бирок Орусиянын шартына көнө албай жатканын айтып, Бразилияга кайткысы келип жатканын билдирген.

2012-жылы Катардын "Аль-Гарафа" клубу менен 2 жарым жылга келишим түзгөн. Аталган клуб Диего Тарделлиге 7 миллион евро төлөп берген. Бирок 2013-жылы "Атлетико Минейрого" кайтып келип, командасынын Либертадорес кубогунун финалына чыгуусуна зор салым кошкон.

Учурда эки курама команданын чабуулчусу эң көп гол киргизгендерге ыйгарылчу Артур Фриденрайх наамы үчүн ат салышууда. Аталган наам жыл ичинде эң көп гол киргизген оюнчуларга ыйгарылат.

10-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.05.2018. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маалыматты туура жана так жазганды уйронгулочу супер, 2013 2015 деп туруп кайра эле 2006га отуп кетпей
10.05.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almanbetperm,адашып алышты 2003 2005
Дейн деген болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: