super.kg logo
  Саясат  

ЖЭБ чыры. Бүгүн депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгын жарыялайт

 

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгын жарыялайт.

Буга чейин 3 айдан ашуун убакытка созулган депкомиссия ишин жыйынтыктап, корутундусун бекиткен. Корутундуда ЖЭБди жаӊылоо боюнча мамлекеттин кызыкчылыгын коргобогон келишимге кол койгон, иш процессинде күмөндүү жагдайлардын орун алуусуна жол берген 30га жакын адамдын аты аталган. Депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгында маселеге саясий баа берип, укуктук баа берүү үчүн тийиштүү күч түзүмдөрүнө документтерди өткөрүп бермекчи.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамы:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Аалы Карашев, Улан Примов (комиссиянын төрагасы);

"Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: