Швецияда 40 килограмм картошка 9 миң долларга сатылды
Швецияда 40 килограмм картошка 9 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Швецияда өзгөчө аукцион өткөн. Анда ушул жылдын биринчи сезонунда өндүрүлгөн картошкалар аукционго коюлган. Жергиликтүү маалымат булактары маалымдагандай аукциондун аягында 40 килограмм картошка 80 миң швед кронасына, тагыраагы, 9 миң долларга сатылган.
Аукциондун жүрүшүндө 1 килограмм картошка 225 долларга бааланган. Бирок жергиликтүү дүкөндөрдө 1 килограмм картошканын баасы болжол менен 1 доллардан ашык.
Ал эми картошканы сатуудан түшкөн каражат рак илдети менен жабыркаган балдардын дарылануусуна жумшалары айтылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

https://www.super.kg/mobile/kabar/news/231343/
Биздин чоңдор мылтык такасаңда албайт 225 долларга картошкону. Алар рак илдетиндегилерди айыктыруу үчүн сарпталчу акчага, соонун болуп башка өлкөгө эс алып келишет!