super.kg logo

ЖЭБ чырын кароодо айрым депутаттардын шашып жатканы байкалды

 

Бүгүн, 10-майда саат 14:00дө Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгын жарыяламакчы. Бул маселени талкуулоого тийиштүү адамдар чакырылды.

Жыйын учурунда комиссиянын жыйынтыгын кароо башка күнгө жылдыруу боюнча сунуш түшүп, мындан улам эл өкүлдөрү эки жаат болуп тартыша кетишти.

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков: “Эл азыр ЖЭБдин авариясын унутуп койгон. Сапар Исаковдун да сапары карыды. Айбек Калиев камалды. Корутундуну 16:00гө коюуну сунуштайм. Материалдар менен жакшылап таанышып алалы. Биз добуш берчү машина белек? Маселени шашпай карасак да болот эле”, - деп нааразы болду Момбеков.

Ушул маселе боюнча депкомиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов маселени иликтөө оор болгонун айтып, жадакалса иш учурунда депуттардын аттары да аталганын билдирди. "Бул маселени Орозого чейин карап бүтсөк жакшы болмок. Мындай маанилүү маселелер Орозо убагында каралбашы керек", - деген пикирин билдирди Жамангулов.

Ал эми депкомиссиянын дагы бир мүчөсү Сайдулла Нышанов: “Биз легендарлуу парламент катары тарыхта калышыбыз мүмкүн. Маселе ачык эле иликтенди. Комиссиянын чечимин гана колдоп же колдобой коюшубуз мүмкүн. Бирок кошумча-алымча болбойт. Буга тийиштүү адамдар депутаттарды "базарком" деп атаптыр. Мына бүгүн аларга "базаркомдун" деңгээли жогору турабы же коррупционердинби, суроо берейин”, - деди Нышанов.

Комиссиянын төрагасы Улан Примов бир нече ирет сөз алып, корутундуну бүгүн кароону сунуштады. Ошондой эле корутундуну кароого күч түзүмдөрүнүн башчыларын да чакырууну сунуштады. Жыйынтыгында корутундуну саат 14:00дө угуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.05.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Рыскелди Момбеков байкебиз туруп эле айнып калат да. Кандайча бул окуяны эл унута баштады?миллион элди сызга отургузган ЖЭБдеги авария, мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирди... Кайра АША лидерин коргоого оттубу биздин айныма саясатчылар?
10.05.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЛЕГЕНДАРЛУУ ото укмуш соз...ооба ЛЕГЕНДАРЛУУ болдунар 120нар жана башканар
10.05.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечиресиздер унутуп калыпмын жанагы шапкасын ылдый басып уяла берчүү депутат ким эле аты жөнү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: