super.kg logo

Googlе`дан жаңы функция. Эми сиздин ордуңузга виртуалдык ассистент буюртма берет

 

Googlе`дун үн жардамчысы телефон аркылуу сүйлөшүүнү өздөштүрдү. Эми ал сизге ассистент болуп берет. Тагыраагы, ал сизди чач тарачка каттатып, сиз үчүн ресторандан алдын ала орун алып коёт. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, Googlе компаниясынын жетекчиси Сундар Пичаи Калифорниядагы I/O конференциясында "Google Duplex" жаңы функциясын көрсөттү. Жаңы функция сизге виртуалдык ассистент болуп бере алат. Мисалы, бул функция аркылуу сиз ресторанга буюртма берүүгө же чач тарачка жазылууга үн жаздыруу аркылуу тапшырма бере аласыз. Ал эми аталган функция калган ишти өзү бүтүрөт.

Конференцияда Сундар Пичаи "Google Duplex" функциясы аркылуу аны чач тарачка жазып коюусун суранган. Ал эми ассистент чач тарачка чалып, администратор менен сүйлөшкөн. Ошондой эле компания жетекчиси жаңы функция сиз бара турган жерге жеткенде белги берерин кошумчалаган.






Google үн жардамчысы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
10.05.2018. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гугл Мени оруканага жазып кой десе жок мен чачтарачка кана жазалам дебейби))
10.05.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Shekeev969798,хаххаа
10.05.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баякы кыргыз эми сураса жардам берчүүдөй экен, Гугул я гиде скажи гугул я гиде дейт го ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: