Улуу Жеңиш күнүнөн соң борбордук аянттан 10 тонна таштанды чыгарылды










"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Улуу Жеңиш күнүнөн кийин борбордук аянттан 10 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тазалоо иштерине 11 атайын техника, 9 таштанды чыгаруучу жана 2 суу чачуучу унаа тартылган. Ошондой эле "Ала-Тоо" жана "Жеңиш" аянтында 112 жүктөгүч менен көчө шыпыруучулар күзөттө туруп, тазалоо иштерин жүргүзүп турушкан.
Майрам күнүнө карата аянтка атайын желим таштанды салуучу челектер коюлган. Эл тараган соң "Тазалыктын" кызматкерлери шаарды, көчөлөрдү түнкү саат 2ге чейин тазалап бүтүшкөн. Жыйынтыгында 10 тонна таштанды чыгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Озу энкейип жерден мусор алып коюга жарабайсынар, суйлосонор асмандан суйлойсунор каратып туруп калп айтып. Анан мусулманмын деп тош кагасынар!!! Кана динден тушунугунор?!!