super.kg logo

Бишкекте "Рамазан - жан дүйнөнүн майрамы" аттуу масштабдуу иш-чара өтөт

 

Ыйык Рамазан айынын урматына 12-майда “Рамазан - жан дүйнөнүн майрамы” аттуу уникалдуу, масштабдуу иш-чара болот. Бул тууралуу “Умма” ислам журналынын редакциясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, мындай саамалык Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багында (10-кичирайон, Түштүк Дарбазалары) саат 17:30да башталат. Аталган иш-чаранын эшиги шаарыбыздын бардык тургундары үчүн ачык жана акысыз.

Иш-чаранын программасында балдарга жана чоңдорго арналган кызыктуу сынактар, викториналар, белгилүү ырчылардан ыр белек, акындардан поэзия, түрдүү улут өкүлдөрүнөн куттуктоолор, кооз нашид, чыгыш барабанында кол ойнотуу, Muslim Art мусулман фото-арт көргөзмөсү, Борбор Азиядагы мыкты дизайнерлерден каллиграфия жана леттеринг боюнча акысыз мастер-класстар, акысыз мехенди уюштурулат.

Мындан тышкары жан дүйнө майрамына келгендер Кыргыз өлкөсүндөгү белгилүү дин аалымдарынан орозого байланышкан бардык суроолорго жооп ала алышат.

Ошондой эле туура тамактануу, дени сак жашоо образын жүргүзүү боюнча кеңештер, креативдүү фотозоналар коюлмакчы. Иш-чарага балдарыңызды да ээрчитип келсеңиз болот, анткени уюштуруучулар кичинекей коноктор үчүн да кызыктуу өзүнчө бурч даярдаган.

"Бул иш-чара коммерциялык мүнөздө өткөрүлбөйт. Биздин башкы максат - шаар тургундарына позитивдүү, майрамдык маанай түзүү болуп саналат.

Мындай иш-чаралар түрдүү конфессия жана улуттар арасында диалог үчүн көпүрө болуп, достук мамилелерди чыңдоого, маданият алмашууга түрткү берет. Аталган иш-чара журнал тарабынан 3 жылдан бери өткөрүлүүдө. Өзүнө тынчтык, позитивдүүлүктү камтыган уникалдуу долбоор тургундар тарабынан жылуу кабыл алынып келет", - дешет уюштуруучулар.

Бул идея "Умма" журналынын Оштогу ыктыярчылары жана демилгелүү жаштарына да абдан жаккандыктан, былтыркы жылы алгачкы жолу Ошто да өткөрүшкөн. Бул жылы да аны салтка айлантып 12-майда Алымбек Датка атындагы сейил багында саат 17:30да уюштурганы турушат.

Эскерте кетсек, Бишкекте иш-чара 12-майда саат 17:30да Д.Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багында (10-кичи район, Түштүк дарбаза) өтөт. Байланыш телефону 0554 65 77 75.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(30)
10.05.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рамазан качан башталат экен туугандар
10.05.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pipik, 16-майда
10.05.2018. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мехенди деген созго тушунбодум билгендер барбы
10.05.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zainidin96,Колунузга хна менен кооз гулдорду,оймолорду тартып беришет кыздар)))
10.05.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Эн башкысы исламдашып, арабташып кетпейли. Кыргыз эли улуу кочмон эл болуп эсептелебиз. Маданиятыбыз да ошого ылайкташып калган. Кыргыз болуп туулган сон, арабташпай кыргыз болуп жашайлы. Дин бул руханий нерсе. Бирок бизде динди жамынып алып эле араб, пакистан элдеринин кийген кийиминен баштап жеген тамагына чейин тануулап жатышкандай. Дин десе эле арабтардын жашоо турмуш эрежелерин кабыл алып кереги жок. Кыргыздар эркин ой жугуртуп, эркин жашайлы. Диний эрежелерди тануулаган болбойт.
11.05.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
pat12,анда эмнеге жаны жылды тосуп жатасынар ал деле Кыргыздын майрамы эмес да
maks94.kb түзөттү 2018-05-11 10:48:32
11.05.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
maks94.kb, Жаны жылды бут дуйно жузу официалдуу дата катары белгилешет жана бул даталуу майрам динге окшоп башка элдерге кытайлардын же япондордун арабтардын оздорунун жашоо эрежелерин бизге тануулашпайт.
nuri1 түзөттү 2018-05-11 11:03:52
11.05.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
pat12,Бабтистер, темирчилер жазабербегилечи өзүң жолүңда жүрөбер
11.05.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Almaz_kg,
Сен арабист.
10.05.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Эски иргелки арабтардын диний эрежелерин ыйык тутуп журо берсек, аягы барып 15 кылымдын жашоосуна кептелип калабыз. Андыктан жаны доордо жаны заманда жаныча ой жугуртуп жашайлык. Туура кыргыздар кочмон эл экенибизди унупашыбыз керек. Биз Аравиядан кочуп келген жерибиз жок. Тарыхыбызды маданиятыбызды сыйлап, арабтардыкына алмаштырбайлы.
erlan2196 түзөттү 2018-05-10 16:22:13
10.05.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ислам дини дуйнодо эн жаш дин болуп эсептелет. Ал эми кыргыз эн байыркы эл болуп эсептелинет. Андыктан исламга чейин эле кыргыздын маданияты оркундоп осуп искустводон баштап, астрономия илимине чейин терен тушунушкон. Кыргызда канча деген акылман, даанышман, корогоч адамдар жаралган. Ошондуктан ар намысты бекем тутуп, дин десе эле арабтардын кооз идеяларына кирбей, озубуздун кыргызга тийиштуу айколдук, адилетуулук, улууну сыйлоо, кичууну урматтоо деген тушунукту туу туталык. Арабташууга жол жок.
11.05.2018. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sinej,Ислам динине чейинки доор жахалия же карангылык доору деп аталат.
11.05.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эн окунучтуусу ошол озубуздун кыргыздын руханий жана акылман ойлорубуз кыргыз элинин арасында коп жайылбай, анын ордуна акыркы убакта динди жамынуу менен арабтардын идеялогияларын жана руханий байлыктарын кыргыздардын арасында пропаганда кылышып, озубуздун руханий байлыктарыздан чанып бараткандай сезилет. Озгочо дин жаатында жаштар араб элдеринин рухиний кооз жазылган китептерин окуп алышып, ошого жараша арабтардын жашоо образы, бизге керемет сезилип, арабтардын таасири астында калып жатышат
yrmat88 түзөттү 2018-05-11 10:31:05
11.05.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мунун себеби биздин кыргыздардын бирдиктуу бир руханий китебибиз жоктугунан деп ойлойм. Эгер биздин озубуздун бабаларыбыздын осуятынан тузулгон, кучтуу жазылган руханий китебебиз болгондо, мумкун жан дуйнобуз арабташпай жашайт белек. Мына кыргыз карап корсок, бабаларыбыз кандай деген эн сонун акыл насааттарын, кеп кенештермн айтып кетишкен. Мына ушулардын баарын бирдиктуу руханий китеп кылып жазсак кандай керемет болоор эле, кайда журосок да жан дуйнобуз арабташпай, кытайлашпай, озубектешпей к
yrmat88 түзөттү 2018-05-11 10:33:02
11.05.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
yrmat88, чынында Ата бабаларыбызда Ислам динин тутунган арапташбай эле олкобуздо эврейлердин майрамы болсо бала чаканар менен барып алып майрамдайсынар мусульмандар Бир иш чара откорсо чыга каласынар арапташбайлы деп анда эврейлешип алгыла баарына бирдей кароо Керек
11.05.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
maks94.kb,
Азыр эч ким еврейлердин жашоо образын алардын идеясын эч ким эч жерде прапаганда кылган жок. Ал эми арабтардын жашоо эрежелерин кудайдын атынан кооз суйлошуп, тегерегине адамдарды топтогонду токтотуш керек. Бир деме болсо эле еврей дей беришет. Тарых боюнча араб менен еврей бип бир тууган болушкан.
nuri1 түзөттү 2018-05-11 11:02:40
11.05.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ислам динин ушунчалык жек көргөн адамдар бар экен да кыргызда тообо((( Үстүңдө кийген бир кыргыз кийимиң жок баары европаныкы анан да сын тагып келесиңер арабташпайлы деп! Арабташпагыла биз көчмөн элбиз деп көкүрөк какканда эмне пайда??? Арабташкың келбесе, көчмөн бойдон калгың келсе бар тоодо көчүп конуп жашай бер, бул жерде потриот болуп көрүнбөй!!! Кыргыз өлкөсүндө 90% мусулмандар жашайбыз, эмнеге биз 1% атеисттердин айтканын кылышыбыз керек???
11.05.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
PROS,Кеп динде же атеизмде эмес. Динчилсинби же атеистсинби бирдей эле кун коробуз. Азыр динди жамынып алып элди атайын бир арабтар бекем туткан эрежелерге угуттоп, ошол эрежелерди бироого тануулап, ошондой эрежелердин фанатына айлантап калп эле мусулман деген созду аралаштырып, анан ошол эрежелердин кулуну айланып ээрчиме болуп жатышат.
nuri1 түзөттү 2018-05-11 11:30:32
11.05.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
nuri1,ушу сен тенирчи же башкасын да созундо Бир мандем бар
11.05.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuri1,мамлекет менен динди бөлүп койгондун кесепети да. Ар түрдүү секталар жайылып кетти кайдыгерликтин айынан.
11.05.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
PROS, Исламды жек коргон адамдар бар экен деп коптук турдо айтпай, бир эки адам бар экен десен жарашат. Азыр АЛХАМДУЛИЛЛАХ олкобуздун копчулугу мусулмандар. Ушундай жакшы иш чара откоруп жатсада коро албаган бир эки адам бар экен. Аларга конул бурбай эле коюш керек, аларды азчылык депда айтканга болбойт, алар проценттида тузбойт.
11.05.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
PROS, Сен жазып жаткан телефонду, тамганы, кийген кийимин, бутундагы отугун, жуунган самынын, айдаган машинан, коргон телевизорун, учкан самолёт, курган уйун, тегиз болгон асфальт, оорусан ичкен дарын ж.б коптогон нерселерди, сен айтып жаткан европалыткар ойлоп табышкан. Бир нерсе болсо эле европаны жамандап жатып каласынар, арабтардан бир гана динди алыш керек, маданиятын эмес! Биз кыргызбыз, бизде тенирчилерда да, мусулмандар да, атеистер да бар, колду козоп бироого динди тануулаган туура эмес
lady.girl7997 түзөттү 2018-05-11 18:17:57
11.05.2018. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lady.girl7997, бул жерде ким ойлоп тапкандыгында эмес, кептин баары ошол ойлоп тапкан нерселер адалбы же арамбы, шариятка туура келеби ошондо болуп жатат. Сен айтып жаткан телефон, самолёт, машина ж.б. ким ойлоп тапсада колдоно берсен болот. Сен шариятка тушунбойт экенсин, Исламда эмне адал эмне арам экендигин билгенинде телефон, самолёт деп жазбайт элен. Арак, чочко, кумар, зына ж.б. нерселерди ким ойлоп тапсада ким экендигине карабастан мусулмандар учун арам болуп эсептелинет.
11.05.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
nurgaz,Башынан бир сыйра окуп, ойлонуп туруп анан жаз. Бул жерде сенин арам же адал тамагын жонундо жазганым жок! Кайсы эл болбосун жакшы жагын озуно оздоштур, кыскасы АМАН эле болгулачы!
11.05.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мамлекет эч бир динди мамлекетке жолотпош керек. мейли ислам христян будда болсун.
11.05.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
тенирчи атеисттерге жооп Арабдашса 15-кылымга барабыз дейсинер,керек болсо арабдар бизден он беш кылым алдыда.Бир оз жолубуздабыз, кыргызбыз динибиз Ислам.Аллага шугур,тоо-ташка сыйынгандардан эмеспиз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-11 14:15:47
11.05.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
meni_kut
Арабтар деле ташка сыйынып журушпойбу. .
11.05.2018. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул дин боюнча же Чубак ажы боюнча бир макала чыкса эле, шайтаны күчтүү бир атеист барда ар кандай ник менен кирип ар ким менен айтышып жүрөт өзүң укмуш грамотный сезип, сен миң жолу элге совет берсеңда баары Алла Таала айтканындай каалаганындай болот, нервиңди көп коротпой эле жүрчү бай болгур, ден-соолукта керек.
11.05.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошондой эле ашынган бир исламист бар. Постоянно элди динге азгырып турат.
Mirlan27011987 түзөттү 2018-05-11 15:38:03
11.05.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу мусульманчылыкка каршы чыккандар, муну менен дагы эмне демекчисинер? Мусульманчылыктан алыс болгула дейсинерби? Ата-бабабыз илгерттен мусульман болуп келген. Кыргыз элим мусульман бойдон кала беребиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: