super.kg logo

"Ала-Арча" эс алуу паркында 21 жаштагы жигит сабалып, шектүү катары 7 адам кармалды

 


"Ала-Арча" эс алуу паркында 21 жаштагы жигит сабалып, окуяга шектүү катары 7 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-майда Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардык ооруканалардын бирине белгисиз адамдар тарабынан сабалып, денесинен оор жаракат алган жарандын келип түшкөндүгү тууралуу маалымат келген. Ыкчам тергөө тобу окуя "Ала-Арча" эс алуу паркында болгондугун аныкташкан.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 21 жаштагы Д.Н. достору менен "Ала-Арча" паркына эс алууга барган. Болжолдуу маалыматтарга караганда, аларга 10-15 белгисиз адам келип, жаңжал чыгарууга аракет жасашкан. Андан кийин алар ур-токмокко алып, таш менен урушкан. Анын кесепетинен Д.Н. денесинен оор жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ошондой эле денесинен жаракат алган дагы эки адам ооруканага кайрылып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Аламүдүн РИИБинин кызматкерлеринин ыкчам изилдөө иш-чараларынын жүрүшүндө 17-18-19 жаштардагы 7 жигит шектүү катары кармалышты", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалган жарандардын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Экспертизанын жыйынтыгына карап аталган берене дагы өзгөртүлүшү мүмкүн экенин кошумчалады басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: